ТЫШКЫ МУРУНДУН КЕМТИГИНИН ЖАНА ДЕФОРМАЦИЯСЫНЫН АЧЫК РИНОПЛАСТИКАСЫ

Авторлор

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2024_3_2

Ачкыч сөздөр:

ринопластика, септопластика, пластикалык хирургия, реконструкция

Аннотация

Бул макалада мурун канатынын тубаса деформациясы бар пациенттерде ринопластика учурунда мурундун кемирчегинин функционалдуулугун калыбына келтирүү тажрыйбасы берилген. Учурда пластикалык хирургдар мурундун кемирчегин оңдоонун үч негизги ыкмасына ээ: Киллиан субмукозалдык резекциясы жана анын вариациялары, септопластика жана экстракорпоралдык септопластика. Изилдөөнүн максаты мурун кемирчеги деформацияланган жана мурун канаттарынын формасы өзгөргөн бейтаптар үчүн экстракорпоралдык реконструктивдүү операциялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу болгон. 2024-жылы Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө мурун канаттарынын ар кандай деформациясы жана мурундун кемирчегинин деформациясы бар 11 бейтаптарга  кайталап ачык риносеппластика жасалган. Оорулуулардын арасында 4 аял (36,3%) жана 7 эркек (63,7%), орточо жашы 25,7 жаш болгон. Ачык ринопластика эки ээр мурунга озунун кабырга кемирчегинин жардамы менен оңдоо ыкмасы жасалды, ошондой эле дөңгөчтү мурунга озунун  кемирчегин колдонуу менен мурундун кемирчегин бекемдөө операциялары жасалды. Мурун канаттарынын деформациясын оңдоо үчүн кулак кемирчеги колдонулган. Натыйжалар экстракорпоралдык септопластика менен бирге ачык ринопластика ыкмасын колдонуу ринопластикада канааттандырарлык жана узак мөөнөттүү функционалдык жана эстетикалык натыйжаларга өбөлгө түзөрүн көрсөттү.

Библиографиялык шилтемелер

Пшениснов К. П. Курс пластической хирургии: Руководство для врачей. В 2 т. под ред. К. П. Пшениснова. Ярославль; Рыбинск: Изд-во ода «Рыбинский дом печати» 2010. т. 1: Общие вопросы. Кожа и ее поражения. Голова и шея. 2010. C. 628.

Parkes ML, Kanodia R, Machida BK. Revision rhinoplasty. An analysis of aesthetic deformities. Arch Otolaryngol Head Neck Surg., 1992. 118: 695-701. DOI: https://doi.org/10.1001/archotol.1992.01880070025005

Wright MR. Management of patient dissatisfation with results of cosmetic procedures. Arch Otolaryngol., 1980. 106: 466-471. DOI: https://doi.org/10.1001/archotol.1980.00790320018005

Vuyk HD, Langenhuijsen KJ. Aesthetic sequelae of septoplasty. Clin. Otolaryngol., 1997. 22: 226-232. DOI: https://doi.org/10.1046/j.1365-2273.1997.00035.x

Rettinger G. Risks and complications in rhinoplasty. GMS Curr Top Otorhinolaryngol Head Neck Surg., 2007. 6:

Doc08. Epub 2008 Mar 14. Gubisch W, Sinha V. Extracorporealseptoplasty-how we do it at marienhospitalstuttgartgermany. Indian J Otolaryngol Head Neck Surg., 2008. 60(1): 16-19. doi: 10.1007/s12070-008-0007-z. Epub 2008 Apr 3.; DOI: https://doi.org/10.1007/s12070-008-0007-z

Gubisch W. Twenty-five yearsexperience with extracorporeal septoplasty. Facial Plast Surg., 2006. 22(4): 230-9. DOI: https://doi.org/10.1055/s-2006-954841

Гюсан А.О. Восстановительная рино-септопластика / А.О. Гюсан. - СПб.: Изд-во «Диалог», 2000. - 85 с.

Daykhes NO, Lipskiy KB, Sidorenkov DA, Aganesov GA, Pimanchev PV, Strelkova NK. Vosstanovlenie oporosposobnosti nosovoy peregorodki pri vtorichnoy rinoplastike [Restoration of nasal septum support in secondary rhinoplasty]. Meditsinskiy sovet. 2015;15:92-6.

Zavadskiy AV, Zavadskaya EA. Ob ob»yome operativnogo lecheniya pri iskrivlenii peregorodki nosa i soputstvuyushchey patologii [About volume of operative treatment on deviation of nasal septum and associated pathology]. Tavricheskiy mediko-biologicheskiy vestnik. 2009; 12:131-3.

Sam A, Deshmukh PT, Patil C, Jain S, Patil R. Nasal septal deviation and external nasal deformity: a correlative study of 100 cases. Indian Journal of Otolaryngology and Head and Neck Surgery. 2012; 64(4):312-8. DOI: https://doi.org/10.1007/s12070-011-0311-x

Икромов МК, Холматов ДИ, Махмудназаров МИ. Эстетические и функциональные аспекты риносептопластики при различных патологиях носа. Вестник Авиценны. 2011; 2:29-35.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-09-25

Кандай шилтеме берүү керек

Ешиев , А., & Азимбаев , Н. (2024). ТЫШКЫ МУРУНДУН КЕМТИГИНИН ЖАНА ДЕФОРМАЦИЯСЫНЫН АЧЫК РИНОПЛАСТИКАСЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (3), 13–19. https://doi.org/10.52754/16948610_2024_3_2

Бул автор(лор)дун эң көп окулган макалалары