Au(Cu, Ag) КАТУУ ЭРИТМЕСИНИН НАНОБӨЛҮКЧӨЛӨРҮНҮН БИОЛОГИЯЛЫК АКТИВДҮҮЛҮГҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2024_1_4Ачкыч сөздөр:
Au-Cu-Ag системасы, электр учкундук дисперстөө, биологиялык активдүүлүк, буудай, өнүү, өсүүАннотация
Au, Cu куймасын менен металлдык Ag менен бирге суу жана спирттик чөйрөдө электрдик учкундуу дисперстөө учурунда Au(CuAg) курамындагы катуу эритменин жогорку дисперстүү бөлүкчөлөрү пайда болоору рентген фазалык анализ методу менен аныктал. Au-Cu-Ag системасынын катуу эритмесинин жогорку дисперстүү бөлүкчөлөрүнүн биологиялык активдүүлүгүн изилдөө өзгөчө кызыгууну туудурат, анткени системанын металл компоненттеринин нанодисперстүү бөлүкчөлөрү жогорку биологиялык активдүүлүккө ээ. Ошондуктан, буудайдын өнүп чыгышына жана өсүшүнө Au-Cu-Ag системасынын электр учкундук дисперстөө продуктуларынын таасири изилденди. Буудайдын өнүшүнө жана өсүшүнө Au-Cu-Ag системасынын бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы таасир этээри аныкталды. Концентрациясы 0,01 мг/л болгон Au-Cu-Ag системасынын продуктуларынын эритмелерине чыланган буудайдын үрөнүнүн өнүүсү 1 мг/л концентрациядагы эритмелерде чыланган буудайдын үрөндөрүнүн өнүп чыгуусуна салыштырмалуу 3-5% жогору. Бул законченемдүүлүк буудайдын өсүшүндө да байкалат. Концентрациясы 0,01 мг/л болгон эритмелерде чыланган буудайдын максималдуу бийиктиги 15 суткадан кийин 10-11 см, ал эми сууда чыланган буудайдын тиешелүү бийиктиги 5-6 см түзөт.
Библиографиялык шилтемелер
Адамбаева Ж. И., и др. (2020) "Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана" №11/2020, с.286.
Алешина, Е. С., и др. (2011). «Оценка биологической активности углеродных наноматериалов в тесте бактерицидности». Вестник ОГУ. № 12 -131. сс. 315-317.
Абаева, Л. Ф. и др. (2010). Наночастицы и нанотехнологии сегодня и завтра. Альманах клинической медицины.– № 22. сс. 10-17.
Богословская О.А. и др. (2009). «Изучение безопасности введения наночастиц меди с различными физико-химическими характеристиками в организм животных». Вестник ОГУ, №2. - сс.124-127.
Бычковский, П. М., и др. (2011). «Золотые наночастицы: синтез, свойства, биомедицинское применение» Российский биотерапевтический журнал. Т. 10. – № 3. сс. 37-46.
Глущенко Н.Н. (1988). Физикохимические закономерности биологического действия высокодисперсных порошков металлов//автореферат докт. дис. М.50.
Омельченко А.В. и др. (2014). Ученые записки Таврического национального университета Серия «Биология, химия». Стимулирующее действие наночастиц серебра на рост и развитие растений пшеницы. Том 27 (66). № 1. сс. 127–135.
Юркова, И.Н. и др. (2014). «Влияние наночастиц серебра на ростовые процессы пшеницы». Вестник ВСГУТУ. № 1. сс. 69–73.