КЫРГЫЗ ТИЛИН ЭКИНЧИ ТИЛ КАТАРЫ САЛЫШТЫРЫП ОКУТУУ (А1, А2 ДЕҢГЭЭЛИ)

Авторлор

  • Канышай Чотикеева Ош мамлекеттик университети
  • Таалайкан Исакова Ош мамлекеттик университети
  • Элнура Кудайбердиева Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2026_2_37

Ачкыч сөздөр:

кыргыз тили экинчи тил катары, салыштырма окутуу, А1–А2 деңгээли, коммуникативдик компетенция, интерференция

Аннотация

Маанилүүлүк. Бул изилдөө кыргыз тилин экинчи тил катары баштапкы деңгээлдерде (А1–А2) окутуунун методикасына, салыштырма (контрастивдик) ыкманы колдонууга арналган. Иштин актуалдуулугу Кыргызстандын билим берүү мекемелерине мүнөздүү көп тилдүү чөйрөдө мамлекеттик тилди окутуунун натыйжалуу ыкмаларына болгон муктаждыктын өсүшү менен шартталат. Өзгөчө көңүл эне тили орус же башка тил болгон үйрөнүүчүлөргө бурулуп, бул тил аралык интерференцияны жана типологиялык айырмачылыктарды эске алууну талап кылат. Изилдөөнүн максаты тил системаларын салыштырма талдоонун негизинде А1–А2 деңгээлдеринде кыргыз тилин окутуунун натыйжалуу моделин иштеп чыгуу жана негиздөө. Иште кыргыз тилинин фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөрү орус тили менен салыштырылып каралып, үйрөнүүчүлөрдө пайда болгон типтүү кыйынчылыктар аныкталып, аларды жоюунун жолдору сунушталат. Изилдөөнүн алкагында илимий адабияттарды талдоо, тилдик көрүнүштөрдү салыштырма талдоо, педагогикалык байкоо жана окутуунун практикалык тажрыйбасын жалпылоо ыкмалары колдонулду. Изилдөөнүн жыйынтыгында тилдик түзүлүштөрдү салыштырууга таянган, негизги сүйлөө көндүмдөрүн (угуп түшүнүү, сүйлөө, окуу жана жазуу) калыптандырууга багытталган көнүгүүлөр жана тапшырмалар системасы сунушталды.

Библиографиялык шилтемелер

Абдувалиева, Б., Жороев, Т. (2008). 6-класстын кыргыз тили окуу китеби,

Абдулдаев, Э. (1998). Азыркы кыргыз тили. Бишкек, Кыргызстан: Кыргызстан.

Абдурохмонов, Х., Рафиев, А., Шодмонқулова, Д. (1992). Ўзбек тилининг амалий грамматикаси. Тошқент: Ўқитувчи.

Жантөшев, К. (1979). Курманбек: Пьесалар, повесттер. Ф.: Мектеп.

Ильяшенко, Т.П. (1970). Языковые контакты: на материале славяно-молдавских отношений. Краткий очерк. Москва, Россия: Наука.

Каралаев, С. (1986). Манас эпосу. Ф: “Кыргызстан”.

Мирзахалова, Г.У. (2023). Особенности преподавания русского языка в школах Узбекистана. Science and Education, 4 (4), 1101-1106.

Муратов, А. (2004). Окуучулардын адабий-теоретикалык түшүнүктөрүн калыптандыруунун жолдору. Бишкек, Кыргызстан: Илим, 241.

Мурзакметов, А. (2005). Кыргыз ырым-жырымдары. Ош.

Сайдахмедова, Д.Х. (2021). Особенности преподавания русского языка в учреждениях общего среднего образования с узбекским языком обучения. Academic Research in Educational Sciences, 2(9), 206–209.

Тагаева, З., Джалалов, Е.Ю. (1999). Грамматикалык терминдердин кыргызча-өзбекче-орусча сөздүгү. Ош.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-06-30

Кандай шилтеме берүү керек

Чотикеева , К., Исакова , Т., & Кудайбердиева , Э. (2026). КЫРГЫЗ ТИЛИН ЭКИНЧИ ТИЛ КАТАРЫ САЛЫШТЫРЫП ОКУТУУ (А1, А2 ДЕҢГЭЭЛИ). Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (2), 505–517. https://doi.org/10.52754/16948610_2026_2_37

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ПСИХОЛОГИЯ