ЗАТ АТООЧТОРДОГУ КӨП ЖАНА ӨТМӨ МААНИЛЕРДИН БЕРИЛИШИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2025_1_16Ачкыч сөздөр:
сөз түркүмү, зат атооч, сөз айкашы, көп маанилүүлүк, өтмө маанилүүлүкАннотация
Макалада атооч сөздөр өз табияттарында заттык, белгилик, чен өлчөмдүк түшүнүктөрдүн аталыштарын туюнтуп жана айрымдары (ат атоочтор) алардын ордуна атабай туюнтуучулук кызматты аткарып келип, көркөм кепте түрдүүчө семантика-стилистикалык кызматта арбын колдонулгандыгын көрөбүз. Булардын ичинен зат атоочтор негизги же баштапкы сөз түркүмү болгондуктан, башка атооч сөздөргө (сын атооч, сан атооч, ат атооч) салыштырмалуу ага бир нече грамматикалык категориялар да мүнөздүү болуу менен көркөм кепте өтмө, көп маанилерде да арбын берилет. Кенже эпостордон алынган фактылык материалдардын негизиндеги статистикалык жыйынтыкка ылайык көп, өтмө маанилердин келип чыгышында эң алгач атоо түшүнүгүнүн негизги орунда тургандыгы байкалат. Мында сын атооч, сан атоочтордун көп, же өтмө маанилерде берилиштери да, дээрлик, заттануу процессине дуушарланган учурларына мүнөздүү болгондуктан, кенже эпостордогу көп жана өтмө маанилүү сөздөрдүн ичинен зат атоочтор бир топ арбын колдонулуп, алардын ичинен адамдын жана жаныбарлардын дене мүчөлөрүнүн аталыштарын билдирген сөздөрдүн көп экендиги ачык көрүнөт. Анын негизги себеби катары адамзаттын дүйнө таанымындагы, сырткы чөйрө менен болгон карым-катышындагы дене мүчөлөрүнүн ролунун, функциясынын ордун көрүүгө болот. Андыктан, талдоого алынып жаткан сөздүн кыргыз тилинде эң арбын кезиккен көп жана өтмө маанилүү сөздөр зат атоочтордон болуп, алардын айрымдары онго жакын маанилүү бөтөнчөлүктөрдө колдонулгандыгы тууралуу изилдөөгө алынды.
Библиографиялык шилтемелер
Абдулдаев, Э. (1998). Азыркы кыргыз тили. Бишкек.
Аликулов, Т. (1979). Полисемия сушествительных в узбекском языке. Автореф. дисс. канд. филол. наук.
Жоодарбешим. (1997). «Эл адабияты» сериясы, 3-том. Бишкек.
Жоодарбешим. (2015). «Эл адабияты» сериясы, 3-том. Бишкек.
Кедейкан, Олжобай менен Кишимжан. (1997). «Эл адабияты» сериясы, 3-том. Бишкек.
Курманбек. Сейитбек. (1998). «Эл адабияты» сериясы, 5-том. Бишкек.
Кыргыз тилинин сөздүгү. (2011). 1-2 бөлүк. Бишкек: «AVRASYA PRESS».
Эр Төштүк. (1996). «Эл адабияты» сериясы, 2-том. Бишкек.
Эр Табылды. (1981) Кыргыз эл эпосу. Фрунзе: «Кыргызстан».
Жүктөөлөр
Жарыяланды
Версиялар
- 2025-03-25 (2)
- 2025-03-25 (1)