5-КЛАССТЫН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АНГЛИС ТИЛИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕГИ ТЕКСТТЕРДИ БААЛУУЛУК КОНТЕКСТИНДЕ ИЗИЛДӨӨ

Авторлор

  • Мирзат Асылбекова Кыргыз-Түрк Манас университети
  • Акматали Алимбеков Кыргыз-Түрк Манас университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_12

Ачкыч сөздөр:

кыргыз тили, англис тили, окуу китеби, баалуулуктар, баалуулуктар системасы, текст

Аннотация

Изилдөөнүн максаты - Кыргызстанда кыргыз тилинде билим берген жалпы билим берүүчү мектептердин 5-класстары үчүн даярдалган кыргыз тили жана англис тили окуу китептериндеги тексттерде орун алган баалуулуктарды Шварцтын баалуулуктар системасынын алкагында талдоо болуп саналат. Бул контекстте кыргыз тили окуу китеби боюнча 159 текст жана англис тили окуу китеби боюнча 103 текст иргелип алынып, жалпысынан 262 текст талданган. Тексттердеги 10 баалуулуктун сапаттык белгилерин камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категорияларына киргизилип, ар бир баалуулуктун кездешүү жыштыгы тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. Изилдөөнүн жыйынтыгында, кыргыз тили окуу китебинде камкордук жана универсализм баалуулуктары басымдуулук кылып, күч жана гедонизм баалуулуктары эӊ аз кездешкен баалуулуктар болуп табылган. Ал эми, англис тили окуу китебиндеги тексттерде камкордук баалуулугу эӊ көп туюндурулган баалуулук болуп табылып, күч баалуулугу эӊ аз кездешкен баалуулук болуп аныкталган. Изилдөөнүн соңунда эки окуу китеби мазмунунда камтылган баалуулуктар боюнча салыштырылып талкууланган.

Библиографиялык шилтемелер

Абдышева, Ч.А., Балута, О.Р., Фатнева, А.Г., & Цуканова, Н.Э. (2021). Англис тили. Аркус.

Бекбоев, И., & Алимбеков, А. (2021). Азыркы сабакты даярдап өткөрүүнүн технологиясы. Бишкек.

Вершловский, С.Г., & Матюшкина, М.Д. (2006). Контент-анализ в педагогическом исследовании. Санкт-Петербург.

Григорьев, С.И., & Растов, Ю.Е. (2001). Основы современной социологии. Алтайский государственный университет.

Добреньков, В.И., & Кравченко, А.И. (2004). Методы социологического исследования. ИНФРА-М.

Койлубаева, А.К., Койлубаева, А.К., & Орузбаева, Б.С. (2020). Кыргыз тили. Билим-компьютер.

Швецова, Г.Н. (2008). О проблемах школьного учебника: региональный аспект. Сибирский педагогический журнал, (15), 476–484.

Allport, G.W. (1998). The Person in Psychology (Ю. И. Авидон, Trans.). КСП+; Ювента.

Canh, L.V. (2017). A critical analysis of moral values in Vietnam-produced EFL textbooks for upper secondary schools. In Situating Moral and Cultural Values in ELT Materials (pp. 111–129). Springer.

Inglehart, R. (1997). Modernization and Postmodernization: Cultural, economic, and political change in 43 societies. Princeton University Press.

Kömleksiz, M., Çelikbay, A., & Alimbekov, A. (2002). Açıklamalı eğitim terimleri sözlüğü: Kırgızca-Türkçe-Rusça-İngilizce. Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi Yayınları.

Schwartz, S. (2012). An overview of the Schwartz theory of basic values. Online Readings in Psychology and Culture, 2(1), 1–20.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-04-01

Кандай шилтеме берүү керек

Асылбекова , М., & Алимбеков , А. (2026). 5-КЛАССТЫН КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АНГЛИС ТИЛИ ОКУУ КИТЕПТЕРИНДЕГИ ТЕКСТТЕРДИ БААЛУУЛУК КОНТЕКСТИНДЕ ИЗИЛДӨӨ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (1), 178–188. https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_12

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ПЕДАГОГИКА