КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУНДА ДИН ЖАНА ДИНИЙ УЮМДАРДЫН ОРДУ

Авторлор

  • Тимур Козукулов Ош мамлекеттик университети
  • Мээрим Маметова Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16947452_2022_4_99

Ачкыч сөздөр:

Кыргызстан, дин, ислам, муфтият, мечит, медресе, хатибият

Аннотация

Бул макалада Кыргызстанда дин менен диний уюмдардын орду жана ролу каралат. Кыргызстандын коомдук-социалдык жашоосундагы диндин элементтери аны менен бирге диний уюмдардын структуралык жана функционалдык өзгөчөлүктөрүнө токтолобуз. Ал уюм Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы (КМДБ) аны менен бирге Муфтият да деп аталат. Орто Азия мамлекеттеринин жакынкы тарыхында, тагыраак айтканда СССР доорунда Орто Азия жана Казахстан мусулмандарынын диний башкармалыгы (ОАКМДБ) деген мекеме саясий жактан пассив көрүнгөнү менен саясий айдында орчундуу орун ээлегенин айтууга болот. Коммунизм доорунда калк диний мекеме катары муфтият бар экендигин гана билишкен, бирок аны жакындан тааныган эмес деп айтууга болот. Бул уюм белгилүү чөйрөгө гана тиешелүүдөй, кол жеткис же кол тийбестей алгыланганбы деген ой келет. Кыргыз коомчулугунда активдүү болбогон диний мекеме, эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин КМДБ маанилүү орунду ээлегендигин көрүүгө болот. Учурубуздагы Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы башкача айтканда Муфтият ОАКМДБнын мураскорубу же жаңыдан куралган уюм катары иш алып баруудабы деген суроо туулат. Азыркы КМДБнын тарыхчасын карасан Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо жаңыдан пайда болгон уюм катары сыпатталууда. Чындыгында коммунизм доорундагы диний уюмдан айырмаланып кандай өзгөчөлүк киргизилди деген маселе үстүндө азыркы учурга чейин эч ким изилдөөгө алган эмес деп айтсак жаңылыштык болбосо керек. Учурда кыргыз коомчулугунда диний мекемеге тагыраак айтканда КМДБга нааразы болгондор басымдуу экендиги анын айланасында болуп өткөн окуялардан улам айтууга болот. КМДБ кыргыз коомчулугунун ишенимине ээ боло алдыбы деген ой ар бир мусулманмын деген жараанды кызыктырбай койбойт. Коомчулукта талкуу болуп келгени менен анын өзгөчөлүгү, кайсыл функцияларды аткарат жана милдеттерин ойлоп коюшпайт. Коомчулук жөн гана сырткы феноменинин үстүндө гана талаш талкуу жүргүзүп келүүдө. Чындыгында илимий чөйрөнүн да сыртында жашап келүүдө. Коомчулук менен саясий чөйрөгө белгилүү учурда гана актуалдуу болот мезгил өтүүсү менен унутта калып да кетет. Коомдун жашоосунда өзгөчө орун ээлеген Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын тарыхы, түзүлүшү жана аткарган милдеттерине структуралык-функционалдык талдоо жасалат. Макалабызда жогоруда токтолгон проблематикаларга илимий анализ жасаганга аракет кылабыз.

Библиографиялык шилтемелер

История САДУМ, “Первые казы и муфтии Кыргызстана http://prevention.kg/?p=1937&fbclid=IwAR3ePDwbL3KfIiFNlzusIumxdf2Erbr1fdLS8u3pW3X2IuX9sENRzfE6SQU.

Козукулов, Т. А. Мамлекет менен диндин байланышы жана светтик принцип / Т. А. Козукулов, И. Жумабай Уулу, М. Р. Маметова // Вестник Ошского государственного университета. – 2022. – No 3. – DOI 10.52754/16947452_2022_3_94. – EDN LVOYIW.

Мамаюсупов О., “Религиозная ситуация в Кыргызской Республики”, //Борбордук Азияда Ислам эл аралык конференциянын макалалар жыйнагы. Ош, 2004.

Под председательством Президента Алмазбека Атамбаева на заседании Совета обороны рассматривается вопрос о государственной политике в религиозной сфере. https://www.president.kg/ru/sobytiya/novosti/1753_pod_predsedatelstvom_prezidenta_almazbeka_atambaeva_na_zasedanii_soveta_oboroni_rassmatrivaetsya_vopros_o_gosudarstvennoy_politike_v_religioznoy_sfere

Религия.kg. Как отличить проповедь от пропаганды? 12/02/14 10:29, Бишкек, Канатбек Мурзахалилов специально для ИА «24.kg». http://www.24.kg/community/171861-religiyakg-kak-otlichit-propoved-ot-propagandy.html

УКАЗ Президента Кыргызской Республики от 7 февраля 2014 года УП № 24 О реализации решения Совета обороны Кыргызской Республики о государственной политике в религиозной сфере https://www.president.kg/ru/sobytiya/ukazy/1771_podpisan_ukaz_o_realizacii_resheniya_soveta_oboroni_kirgizskoy_respubliki_o_gosudarstvennoy_politike_v_religioznoy_sfere

Kozukulov, Bağımsızlık öncesi ve sonrası kırgız toplumunda din ve dinî kurumlar üzerine bir analiz. Hitit Üniversitesi İlahiyat Fakültesi Dergisi, Cilt: 19, Sayı: 1. 2020. https://doi.org/10.14395/hititilahiyat.669036

Kozukulov, Kırgızistan’da dini kurumsallaşma ve toplum, //Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi. 2015/1. 177-209

Kozukulov, Kirgizistan’da devletin din siyaseti. Akademik Hassasiyetler. 2017/ 6 (1).

https://muftiyat.kg/муфтияттын-тарыхы/

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2022-12-20

Кандай шилтеме берүү керек

Козукулов, Т., & Маметова, М. (2022). КЫРГЫЗСТАНДЫН КООМДУК-САЯСИЙ ТУРМУШУНДА ДИН ЖАНА ДИНИЙ УЮМДАРДЫН ОРДУ . Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (4), 99–109. https://doi.org/10.52754/16947452_2022_4_99

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

САЯСАТ ТААНУУ