МУСУЛМАН АВТОРЛОРДУН ЭМГЕКТЕРИНДЕ ТАЛАС САЛГЫЛАШУУСУ ЖАНА АНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫ (IX-XIII кк.)

Авторлор

  • Медербек Кадыров Ош мамлекеттик университети
  • Санжарбек Тажибаев Ош мамлекеттик университети
  • Али Жусубалиев Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2026_3_11%20

Ачкыч сөздөр:

Талас салгылашуусу, Атлах, Аббасийлер, Тан империясы, Зияд ибн Салих, мусулман авторлор, Самарканд кагазы, Орто Азия

Аннотация

Бул макалада 751-жылы болгон Талас салгылашуусу жана анын натыйжалары IX–XIII кылымдарда жашаган мусулман авторлорунун эмгектеринин негизинде изилденет. Изилдөөнүн негизги максаты — мусулман жазма булактарында Талас салгылашуусунун себептери, өткөн жери жана убактысы, катышкан тараптар, кол башчылар, аскерлердин саны, салгылашуунун жүрүшү жана натыйжалары тууралуу берилген маалыматтарды системалуу жана салыштырма негизде талдоо. Макалада ал-Фасави, Ибн Тайфур, ал-Макдиси, Ибн ан-Надим, ас-Саалиби, ал-Бируни, Ибн ал-Асир жана ал-Казвини сыяктуу мусулман авторлорунун эмгектери каралат. Булактардагы маалыматтар хронологиялык жана салыштырма-тарыхый ыкмалар аркылуу талданып, алардын окшош жана айырмалуу жактары аныкталат. Изилдөөнүн жыйынтыгында Талас салгылашуусунун келип чыгышында жергиликтүү саясий карама-каршылыктар, Кытайдын Орто Азиядагы таасирин кеңейтүү аракети жана Аббасийлердин чыгыштагы аскердик-саясий активдүүлүгү маанилүү роль ойногону көрсөтүлөт. Ошондой эле салгылашуудан кийин Тан империясынын аймактагы саясий таасири начарлап, Аббасийлердин Мавераннахрдагы позициясы бекемделгени белгиленет. Мусулман авторлорунун айрымдары Самарканддагы кагаз өндүрүшүнүн өнүгүшүн Талас салгылашуусунда туткунга алынган кытайлык усталардын ишмердиги менен байланыштырышат. Изилдөө Талас салгылашуусунун Орто Азиядагы саясий, диний-маданий жана технологиялык процесстердеги ордун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Библиографиялык шилтемелер

Hizmetli, S. (1999). “İbn Ebu Tahir”. TDV İslam Ansiklopedisi (19-том, 445-б.). İstanbul: TDV Yayinlari.

Kandemir, Yaşar M. (1995). “Fesevi”. TDV İslam Ansiklopedisi (12-том, 424-426-беттер). İstanbul: TDV Yayinlari.

Karaarslan, N. Ü. (2000). “İbnü’n-Nedim”. TDV İslam Ansiklopedisi (21-том, 171-173-беттер). İstanbul: TDV Yayinlari.

Özaydın, A. (2000). “İbnü’l-Esir, İzzeddin”. TDV İslam Ansiklopedisi (21-том, 26-27-беттер). İstanbul: TDV Yayinlari.

Sayar, S. (2003). “Makdisi, Mutahhar b. Tahir”. TDV İslam Ansiklopedisi (27-том, 432-434-беттер). İstanbul: TDV Yayinlari.

Topal, R. (2025). “Talas Savaşı’nın Komutanı: Ziyâd b. Sâlih el-Huzâî”. Mevzu Sosyal Bilimler Dergisi, №13, 241-271-беттер.

Topuzoğlu, T. R. (2009). “Sealibi, Ebu Mansur”. TDV İslam Ansiklopedisi (36-том, 236-239-беттер). İstanbul: TDV Yayinlari.

аз-Захаби, Шамсуддин Абу Абдуллах Мухаммед ибн Ахмад ибн Усман ибн Каймаз (2003). Тарих ал-Ислам ва вафаят ал-машахир вал-а’лам (3-том). Бейрут: Дар ал-Гарб ал-Ислами.

ал-Бируни, Абу Райхан Мухаммед ибн Ахмед (хижрий 1403). Китабу тахкик ма ли-л-Хинд мин макула макбула фи-л-акл ав марзула. Бейрут: Аалам ал-кутуб.

ал-Казвини, Закария ибн Мухаммед ибн Махмуд (1960). Асар ал-билад ва ахбар ал-ибад. Бейрут: Дару Садир.

ал-Макдиси, ал-Мутаххар ибн Тахир (1919). ал-Бад’ ва-т-тарих (6-том). Шалон: Бертранд.

ал-Фасави, Абу Юсуф Якуб ибн Суфян (хижрий 1410). ал-Марифа ват-Тарих (3-том). Мадина: ад-Дар.

ан-Надим, Абул Фараж Мухаммед ибн Исхак (2014). ал-Фихрист (1-том). Лондон: Муассасат ал-Фуркан.

ас-Саалиби, Абу Мансур Абдулмалик ибн Мухаммед ибн Исмаил (1985). Симар ал-кулуб фи-л-мудаф ва-л-мансуб. Каир: Дар ал-Маариф.

ибн ал-Асир, Иззуддин Абу ал-Хасан Али ибн Мухаммед ал-Жазари (1997). ал-Камил фи-т-тарих (5-том). Байрут: Дар ал-китаб ал-араби.

Ибн Тайфур, Абул Фадл Ахмад ибн Абу Тахир (2002). Китабу Багдад. Каир: Мактабату-л-Ханжий.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-09-13

Кандай шилтеме берүү керек

Кадыров , М., Тажибаев, С., & Жусубалиев, А. (2026). МУСУЛМАН АВТОРЛОРДУН ЭМГЕКТЕРИНДЕ ТАЛАС САЛГЫЛАШУУСУ ЖАНА АНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫ (IX-XIII кк.). Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (3), 126–137. https://doi.org/10.52754/16948610_2026_3_11