КЫРГЫЗ ЖҮНДҮҮ ЭЧКИЛЕРИНИН ЭКСТЕРЬЕРДИК ЖАНА КОНСТИТУЦИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_3_7%20Ачкыч сөздөр:
кыргыздын жүндүү эчкилери, экстерьер, конституция, дене түзүлүшү, экстерьердик өлчөмдөр, теке-өндүрүүчүлөр, эчкилер, жаш төл, селекция, асыл тукум ишиАннотация
Макалада азыркы типтеги кыргыздын жүндүү эчкилеринин экстерьердик жана конституциялык өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн натыйжалары берилген. Изилдөөнүн максаты негизги экстерьердик өлчөмдөрдү аныктоо жана аларды жергиликтүү кыргыз, ангор жана стандарттык типтеги кыргыздын жүндүү эчкилери менен салыштырып баалоо болуп саналат. Изилдөөдө соолуктагы жана куйрук тараптагы бийиктик, тулку бойдун кыйгач узундугу, көкүрөктүн тереңдиги жана туурасы, маклоктордун туурасы, далынын артындагы көкүрөк айланасы жана билектин айланасы сыяктуу негизги экстерьердик өлчөмдөр аныкталды. Изилдөөнүн жыйынтыгында жергиликтүү кыргыз эчкилери дене өлчөмдөрүнүн салыштырмалуу чоңдугу менен, ангор эчкилери салыштырмалуу кичине дене өлчөмдөрү менен мүнөздөлөрү, ал эми кыргыздын жүндүү эчкилери изилденген белгилердин көпчүлүгү боюнча аралык орунду ээлери аныкталды. Азыркы кыргыздын жүндүү эчкилеринде стандарттык көрсөткүчтөргө салыштырмалуу негизги экстерьердик өлчөмдөрдүн төмөндөө тенденциясы аныкталды. Айрыкча көкүрөктүн туурасы жана маклоктордун туурасы боюнча, өзгөчө бир жаштагы төлдөрдө, айырмачылыктар кыйла жогору болду. Негизги экстерьердик өлчөмдөр боюнча аныкталган айырмачылыктар статистикалык жактан жогорку деңгээлде ишенимдүү болду (P<0,001). Аныкталган тенденция генетикалык жана паратиптик факторлордун комплекстүү таасири, анын ичинде тоюттандыруу жана багуу шарттарынын өзгөрүшү, асыл тукум малдын санынын кыскарышы, селекциялык-асыл тукум иштеринин начарлашы жана генетикалык фонддун жетишсиз жаңыланышы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Алынган натыйжалар кыргыздын жүндүү эчкилеринин азыркы абалын баалоодо жана жаныбарларды экстерьери, конституциясынын бекемдиги жана продуктивдүүлүк сапаттары боюнча тандоону өркүндөтүүдө практикалык мааниге ээ.
Библиографиялык шилтемелер
Абдурасулов А.Х., Альмеев И.А., Абдурасулов И.А., Экстерьеры и индексы телосложения коз кыргызской пуховой породы, В сборнике: Современные тенденции ветеринарной медицины, зоотехнии и биотехнологии. Сборник статей по материалам II Международной научно-практической конференции института ветеринарной медицины, зоотехнии и биотехнологии. Краснодар, 2026. С. 211-222.
Альмеев И.А., Абдурасулов А.Х., Мусакунов М.К., Абылгазиева Н.И., Сохранение и использование генетических ресурсов коз кыргызстана, Вестник Алтайского государственного аграрного университета. 2018. № 3 (161). С. 155-158.
Тарчоков А.Т., Абдулхаликов Р.З., Экстерьерные особенности коз зааненской породы, Известия Кабардино-Балкарского государственного аграрного университета им. В.М. Кокова. 2021. № 2 (32). С. 24-28.
Абдурасулов А.Х., Мадумаров А.К., Муратова Р.Т., Кубатбеков Т.С., Жумаканов К.Т., Токтосунов Б.И., Мырзакматов У.А., Сохранение и развитие генетических ресурсов сельскохозяйственных животных Киргизии, Аграрный вестник Юго-Востока. 2020. № 1 (24). С. 26-28.
Макарова Е.Ю., Самбу-Хоо Ч.С., Анализ экстерьера молодняка коз в сравнительном аспекте, Зоотехния. 2020. № 11. С. 26-28.
Абдурасулов А.Х., Альмеев И.А., Жээнбекова Б.Ж., Селекция в козоводстве Кыргызстана, В сборнике: Актуальные вопросы ветеринарной и зоотехнической науки и практики. Международная научно-практическая Интернет-конференция. 2015. С. 243-250.
Татаркина Н.И., Свяженина М.А., Пономарева Е.А., Селекционно-генетические показатели коз зааненской породы, Главный зоотехник. 2017. № 5. С. 14-21.
Косимов, М.А. Таджикская шерстная порода коз: состояние и перспектива развития/ М.А. Косимов, С. Обиджанов, Ф.Ф. Косимов, С. Исоматов // Сб. научных трудов «Наука животноводства в период независимости страны». – Душанбе, – 2013. – С.228-238.
Аракчаа Ч.А., Сравнительная оценка экстерьерных особенностей коз, разводимых в республике тыва, Вестник Хакасского государственного университета им. Н.Ф. Катанова. 2019. № 2 (28). С. 35-38.
Самбу-Хоо Чечена Сандыйовна, Повышение шерстной продуктивности коз советской шерстной породы тувинской популяции Вестник Красноярского государственного аграрного университета, 2021, С.108-112.




