ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ МЫЙЗАМДАРДЫН ТРАНСФОРМАЦИЯСЫ ЖАНА КООМДОГУ ТЕНДЕНЦИЯ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_2_13Ачкыч сөздөр:
Кыргызстан, дин тутуу эркиндиги, светтик мамлекет, секуляризм, лаицизмАннотация
Маанилүүлүк. Бул макалада Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндигинин конституциялык негиздери жана диний уюмдарды жөнгө салуучу мыйзамдардын эгемендүүлүктөн кийинки өнүгүү динамикасы изилденет. Изилдөөнүн негизги максаты – Кыргызстанда мамлекет менен диндин өз ара мамилесинин калыптанышын, светтик принциптин укуктук жана коомдук мазмунун, ошондой эле диний мыйзамдардын трансформациясына таасир эткен факторлорду талдоо болуп саналат. Макалада Кыргызстандын 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки диний саясатындагы өзгөрүүлөр, Конституцияда бекитилген дин тутуу эркиндигинин принциптери жана алардын практикалык ишке ашырылышы каралат. Изилдөөдө 1991-жылы кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам, 2008-жылдагы жаңы редакция жана 2025-жылы күчүнө кирген мыйзам салыштырмалуу талдоо ыкмасы аркылуу изилденди. Ошондой эле Конституциянын ар кандай редакцияларындагы светтик принциптин өзгөрүшү жана анын кыргыз коомунда кабыл алынышы боюнча жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктары пайдаланылды. Талдоонун жүрүшүндө диний мыйзамдардын өзгөрүшү коомдогу диний активдүүлүктүн өсүшү, диний уюмдардын көбөйүшү, улуттук коопсуздук маселелери жана мамлекеттин диний чөйрөнү жөнгө салуу саясаты менен тыгыз байланышта экени аныкталды. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги конституциялык деңгээлде туруктуу сакталып келгени менен, диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдардын мазмуну коомдук-саясий шарттарга жараша өзгөрүп турганы белгиленет. Диний мыйзамдардын трансформациясы диний эркиндик менен коомдук коопсуздуктун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын эволюциясын чагылдырат. Макаланын жыйынтыктары Кыргызстандагы дин-мамлекет мамилелерин жана постсоветтик мейкиндиктеги светтик моделдин өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө илимий мааниге ээ.
Библиографиялык шилтемелер
Бабаджанов, Б., Сартори, П., (2018). У истоков советского дискурсa о “хорошем исламе” в Центральной Азии. Ab Imperio, 3, 219-255. DOI: https://doi.org/10.1353/imp.2018.0053
Багаева, К.А. (2015). “Светское” в современном российском обществе. Вестник Бурятского государственного университета. Философия, 14, 18-22.
Козукулов, Т., Жумабай уулу, И. (2022). Кыргызстанда мамлекеттин динге болгон мамилеси жана тенденциялары. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (2), 125–132. https://doi.org/10.52754/16947452_2022_2_125 DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2022_2_125
Круз Р., (2020). За пророка и царя. Ислам и империя в России и Центральной Азии / перевод с английского Р. Ибатуллина. Москва: Новое литературное обозрение.
Кыргыз Республикасынын Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдар. № 657-XII токтом. 16-декабрь 1991.
Кыргыз Республикасынын конституциялары.
Кыргыз Республикасынын конституциясы (2021). 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.
Макбрейн, Джули (2023). От секуляризма к исламу: Религия в современном Кыргызстане. Перевод с английского на русский Марина Минеева. Бостон/Санкт-Петербург.
Мамаюсупов, О. (2004). “Религиозная ситуация в Кыргызской Республики”, Сборник международной конференции Ислам в Центральной Азии. Ош, 20-22 май 2004. 34-39.
Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү. (08/11/2024) https://president.kg/kg/news/21/26124
Указ “O реализации решения Совета Обороны Кыргызской Республики о государственной политике в религиозной сфере” ,http://www.president.kg/ru/novosti/3468_podpisan_ukaz_o_realizatsii_resheniya_soveta_oboronyi_kyirgyizskoy_respubliki_o gosudarstvennoy_politike_v_religioznoy_sfere/ (Президенттин сайты жаңылангандан кийин эски указдар көрүнбөйт)
Хирш, Ф. (2022). Империя нации: этнографическое знание и формирование Советского Союза. Перевод с английского Р. Ибатуллина. Москва: Новое литературное обозрение.
Artman, Vincent M. (2018). Nation, Religion, and Theology: What Do We Mean When We Say “Being Kyrgyz Means Being Muslim?” Central Asian Affairs 5(3), 191-212. DOI: https://doi.org/10.1163/22142290-00503001
Engvall, Johan. (2020). Religion and the Secular State in Kyrgyzstan. SILK ROAD PAPER.
Kozukulov, T. (2015). Kirgizistan’da Dini Kurumsallaşma Ve Toplum. Ağrı İbrahim Çeçen Üniversitesi Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi, 1(1), 177-209.
Kozukulov, T. (2017). Kırgızistan’da Devletin Din Siyaseti / The Religion Politics of the State in Kyrgyzstan. Akademik Hassasiyet, 4(7), s. 92. 85-104.
Pay, S. (2015). Kirgizistan’da islam bir diriliş ve varoluş mücadelesi. İstanbul: Emin Yayınları.
Uyanık, M. (2010). Sivil itaatsizlik eylemleri ve dini değerler. Ankara: Elis yayınları.




