КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЙЫЛ МЕКТЕПТЕРИНДЕ АНГЛИС ТИЛИН ОКУТУУДА СОЦИАЛДЫК-ЭМОЦИОНАЛДЫК ОКУТУУНУН КОМПОНЕНТИ КАТАРЫНДА КОЛДОНУЛУШУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_14Ачкыч сөздөр:
социалдык-эмоционалдык көндүмдөр, айыл мектеби, Кыргызстан, англис тили, коммуникативдик ыкма, долбоордук окутууАннотация
Бул макалада Кыргызстандын айыл мектептеринде балдарга англис тилин окутуу аркылуу социалдык жана социалдык-эмоционалдык көндүмдөрдү (SEL) үйрөтүүнүн өзгөчөлүктөрү каралат. Айылдык мектеп шарттарында SELди калыптандыруу маселеси өтө актуалдуу, анткени аймактардагы окуучулар билим берүү ресурстарынын чектелүүсү, квалификациялуу мугалимдердин жетишсиздиги жана коммуникативдик жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө шарт түзгөн кошумча билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу менен туш болуп жатышат. Айыл мектебинде англис тилин үйрөнүү чет тилин өздөштүрүүнүн каражаты гана болбостон, XXI кылымда зарыл болгон универсалдуу социалдык көндүмдөрдү калыптандыруунун натыйжалуу платформасы катары дагы кызмат кылат. Автор коммуникативдик ыкма, ролдук оюндар, долбоордук окутуу жана эмоционалдык сабаттуулук боюнча практикалар кызматташтыкты, боорукерликти, өзүнө болгон ишенимди жана биргелешкен чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө салым кошорун белгилейт. Кыргызстандын айыл мектептериндеги билим берүү процесси социалдык-экономикалык теңсиздик менен татаалдашкандыктан, макалада бул шарттар өзүнчө баса белгиленет. Макалада Access Microscholarship, Teach for Kyrgyzstan жана Peace Corps сыяктуу эл аралык долбоорлордун алкагында ишке ашырылган ийгиликтүү практикалардын мисалдары келтирилет, алар SELди англис тили сабактарына интеграциялоонун эффективдүүлүгүн көрсөтөт. SELди ийгиликтүү киргизүүнүн маанилүү шарты — бул мугалимдерди даярдоо жана колдоо болуп саналат, аларга тренингдер жана менторлук берүү, ошондой эле ата-энелерди жана жергиликтүү жамаатты билим берүү процесстерине тартуу керек. Жыйынтыгында, англис тили аркылуу социалдык-эмоционалдык компетенцияларды калыптандыруу окуунун сапатын гана жогорулатпастан, окуучулардын коомго социалдык жактан ыңгайлашуусуна да өбөлгө түзөөрү белгиленет. Бул келечекте айылдык балдардын потенциалын бекемдөөгө жана заманбап коомго ийгиликтүү интеграцияланышына шарт түзөт.
Библиографиялык шилтемелер
Абдыкапар кызы, Г., Жумалиева, Б.К. (2021) Англис тилин окутуу процессиндеги педагогикалык технологиянын аспектилери. Вестник Ошского государственного университета, 1(4), 22-26.
Авазова, Г. (2023). Пути повышения заинтересованности в изучении английский язык. Вестник Ошского государственного университета, (1), 51–59. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_7
Бакирова, Р.С. (2014). Психолингвистические аспекты обучения английскому языку в сельских школах. Бишкек: Издательство «Эл-Фарис».
Батырова, Т., Бапышова, А. (2023). Студенттердин кеп маданиятын кептик коммуникациянын негизинде калыптандыруу. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, (1(1), 22–29. https://doi.org/10.52754/16948874_2023_1(1)_3
Выготский, Л.С. (1978). Мышление и речь. Москва: Лаборатория знаний.
Искакова, А.М. (2016). Адаптация образовательных программ для обучения английскому языку в сельских школах. Бишкек: КГУ.
Каниметов, К.С. (2012). Социальные аспекты обучения иностранным языкам в сельских школах Кыргызстана. Бишкек: «Кыргызстан».
Касымова, Г.М. (2018). Школьное сообщество как фактор развития языковых и социальных навыков у детей. Бишкек: Наука и образование.
Национальный статистический комитет Кыргызской Республики. (2023). Образование и наука в Кыргызской Республике: статистический ежегодник. Бишкек.
Оморов, Ш.Д., Ильяс кызы, С. (2025). Окуучулардын кызыгуусун арттыруу үчүн электрондук ресурстардын түрлөрү. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, 4, бб. 69-75. https://doi.org/10.65469/eijournal.2025.4.7
Токтакунова, А.А. (2010). Методы активного обучения английскому языку в сельских школах. Бишкек: Кыргызский университет.
Эргешова, Г.С. (2016) Сопоставительный анализ предлогов места в английском, русском и кыргызском языках. Вестник Ошского государственного университета, 1, 177-180.
CASEL (2020). What is SEL? Collaborative for Academic, Social, and Emotional Learning. Chicago.
Durlak, J. A., Weissberg, R. P., Dymnicki, A. B., Taylor, R. D., & Schellinger, K. B. (2011). The Impact of Enhancing Students’ Social and Emotional Learning: A Meta‐Analysis of School‐Based Universal Interventions. Child Development (рр. 405-432), 82(1).
Johnson D.W., Johnson R.T. (2009). An Educational Psychology Success Story: Social Interdependence Theory and Cooperative Learning. Educational Researcher, 38(5), 365–379. https://doi.org/10.3102/0013189X09339057
Peace Corps Kyrgyz Republic. (2022). English Education and Youth Development Programs in Rural Schools. Бишкек.
Teach for Kyrgyzstan. (2023). Annual Report on Educational Initiatives in Rural Schools. Бишкек.
UNICEF Kyrgyzstan. (2021). Education Program: Supporting Curriculum Reform and Social-Emotional Learning in Schools. Бишкек.




