Он эки жылдык билим берүүгө өтүү шартында башталгыч класстын окуучуларынын жарандык жоопкерчилигин калыптандырууда социалдык чөйрөнүн ролу
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_11Ачкыч сөздөр:
жарандык жоопкерчилик, социалдык чөйрө, жарандык иденттүүлүк, башталгыч класстын окуучулары, инсандын социалдашуу процессиАннотация
Маанилүүлүк. Бул макалада Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын модернизациялоо жана мектептик билим берүүнүн он эки жылдык моделине өтүү шартында башталгыч класстын окуучуларынын жарандык жоопкерчилигин калыптандырууда социалдук чөйрөнүн ролу каралат. Изилдөөнүн актуалдуулугу коом алдында жоопкерчиликти сезген, жарандык маданияты жана укуктук аң-сезими калыптанган социалдук активдүү инсанды тарбиялоонун зарылдыгы менен негизделет.
Макалада социалдык чөйрөнүн башталгыч мектеп жашындагы окуучулардын жарандык сапаттарынын калыптанышына таасир этүүчү негизги факторлору талдоого алынат. Аларга үй-бүлө, мектептин билим берүү чөйрөсү, коомдун социомаданий салттары жана социалдык институттар менен өз ара аракеттенүү кирет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаш муундун руханий-адептик жана жарандык тарбиясынын приоритеттерин аныктаган стратегиялык документтерине өзгөчө көңүл бурулат.
Илимий-педагогикалык адабияттарды жана билим берүү тармагындагы заманбап реформаларды талдоонун негизинде башталгыч класстын окуучуларынын жарандык жоопкерчилигин калыптандыруунун негизги педагогикалык шарттары аныкталган. Изилдөөнүн алкагында башталгыч мектептин билим берүү чөйрөсүндө жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга багытталган педагогикалык модель сунушталат. Жарандык тарбияны ишке ашыруунун практикалык механизмдери катары окуу предметтеринин мазмунуна жарандык баалуулуктарды интеграциялоо, долбоордук ишмердүүлүктү өнүктүрүү, окуучулардын социалдык маанилүү ишмердүүлүгүн уюштуруу жана мектептин үй-бүлө жана жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү каралат.
Изилдөөнүн жыйынтыгында башталгыч класстын окуучуларынын жарандык жоопкерчилигин өнүктүрүү социалдык институттардын системалуу өз ара аракеттенүүсү жана инсандын жарандык иденттүүлүгүн, социалдык активдүүлүгүн жана адептик баалуулуктарын өнүктүрүүгө багытталган билим берүү чөйрөсүн түзүү шартында мүмкүн экендиги негизделет.
Библиографиялык шилтемелер
Асанбекова, Дж.Ж., Асанбекова Э.Ж. (2016). Духовно-нравственное и эстетическое развитие молодежи. Вестник Ошского государственного университета, № 3-2, сс. 202-204.
Газиева, П.З., Имаралиева, Ж.Р. (2025). Мектепке чейинки курактагы баланын инсандыгынын руханий-адептик негиздерин калыптандыруу. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, 2(2), бб. 9- 15. https://doi.org/10.65469/eijournal.2025.2.2
Трепачко, В.С. (2024). Проблемы формирования гражданской идентичности младших школьников. Научные исследования – основа современной инновационной системы: сборник статей Международной научно-практической конференции. Стерлитамак: Агентство международных исследований, сс. 131-134.
Новиков, С.Г. (2023). Образование как инструмент управления историей. Педагогическое образование в России, 1, сс. 4-11.
Грицай, Л.А. (2023). Взаимодействие семьи и школы в воспитании детей: исторический контекст, приоритетные задачи, современные особенности и эффективные практики. Педагогическое образование в России, 1, сс. 99-106.
Самохина, Е.В. (2024). Социокультурные ценности как основа воспитания детей дошкольного возраста. Научные исследования – основа современной инновационной системы: сборник статей Международной научно-практической конференции. Стерлитамак: Агентство международных исследований, сс. 86-91.
Донгак, С.Ч.О. (2024). О традиционном воспитании и проблемах в современной тувинской семье. Научные исследования – основа современной инновационной системы: сборник статей Международной научно-практической конференции. Стерлитамак: Агентство международных исследований, сс. 117-122.
Концепция духовно-нравственного развития и физического воспитания личности в Кыргызской Республике. Утверждена Указом Президента Кыргызской Республики от 24 июля 2021 года № 313.
Доктрина Кыргызской Республики «Национальный дух – мировые высоты». Утверждена Указом Президента Кыргызской Республики от 18 декабря 2024 года № 369.
Концепция перехода на двенадцатилетнее школьное образование в Кыргызской Республике. Бишкек, 2024.




