КҮМҮШ НАНОБӨЛҮКЧӨЛӨРҮНҮН МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУЛУШУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_4%20Ачкыч сөздөр:
күмүш нанобөлүкчөлөрү, күмүш (AgNPs), медицинадагы нанотехнологиялар, биомедициналык наноматериалдар, антимикробдук активдүүлүк, антибактериалдык касиеттер, вируска каршы активдүүлүк, козу карындарга каршы активдүүлүкАннотация
Маанилүүлүк. Бул эмгекте медицина тармагында күмүш нанобөлүкчөлөрүн колдонуунун негизги багыттары каралат. Алардын антибактериалдык, вируска каршы жана козу карындарга каршы агенттер катары колдонулушуна өзгөчө көңүл бурулган. Күмүш нанобөлүкчөлөрүнүн антимикробдук таасир этүү механизмдери сүрөттөлөт, аларга микроорганизмдердин клеткалык мембраналарынын бузулушу, активдүү кычкылтек формаларынын пайда болушу, ферменттик активдүүлүктүн басаңдашы жана ДНК репликациясынын бузулушу кирет. Өзүнчө бөлүм күмүш нанобөлүкчөлөрүн жараат жабуучу материалдарда, таңуучу каражаттарда жана медициналык имплантаттарда колдонууга арналган, мында алар инфекциялык татаалдашуулардын коркунучун азайтууга жана ткандардын регенерация процессин тездетүүгө өбөлгө түзөт. Цинк оксиди жана күмүш нанобөлүкчөлөрүнүн антимикробдук активдүүлүгүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 729 буйругу менен бекитилген методикалык көрсөтмөлөргө ылайык Мюллер–Хинтон агарында диск-диффузиялык ыкма аркылуу жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында цинк оксиди нанобөлүкчөлөрүн жана цинк оксиди менен күмүш нанобөлүкчөлөрүнүн аралашмасын синтездөө ыкмасына, ошондой эле күмүш нанобөлүкчөлөрүн камтыган антибактериалдык таңуучу материалдарды даярдоо ыкмасына патенттер алынган.
Жыйынтыктап айтканда, күмүш нанобөлүкчөлөрүнүн касиеттерин оптималдаштырууга, алардын коопсуздугун жогорулатууга жана медициналык практикада колдонуу стандарттарын иштеп чыгууга багытталган мындан аркы фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн зарылдыгы баса белгиленет. Алынган маалыматтар күмүш нанобөлүкчөлөрүнүн заманбап медицинада көп функционалдуу курал катары жогорку потенциалга ээ экенин тастыктап, аларды мындан ары изилдөөнүн жана практикада кеңири киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун негиздейт.
Библиографиялык шилтемелер
Vidyasagar, Patel, R.R., Singh, S.K., Singh, M. (2023). Green synthesis of silver nanoparticles: methods, biological applications, delivery and toxicity. Mater. Adv., 2023, 4, 1831, https://doi.org/10.1039/d2ma01105k
Ма, С., Чжен, К., Чень, И. (2018). Cвойства, применения и методы получения наносеребра. Международный студенческий научный вестник, 6, https://eduherald.ru/ru/article/view?id=19414 (дата обращения: 31.01.2026).
Hamida, R.S., Ali, M.A., Goda, D.A., Khalil, M.I., Al-Zaban, M.I. (2020). Novel Biogenic Silver Nanoparticle-Induced Reactive Oxygen Species Inhibit the Biofilm Formation and Virulence Activities of Methicillin-Resistant Staphylococcus aureus (MRSA) Strain. Frontiers in Bioengineering and Biotechnology, 8, 533389. https://doi.org/10.3389/fbioe.2020.00433
More, P.R., Pandit, S., Filippis, A., Franci, G., Mijakovic, I., Galdiero, M. (2023). Silver Nanoparticles: Bactericidal and Mechanistic Approach against Drug Resistant Pathogens. Microorganisms, 11(2), 369. https://doi.org/10.3390/microorganisms11020369
Hosnedlova, B., Kabanov, D., Kepinska, M., B Narayanan, V. H., Parikesit, A. A., Fernandez, C., Bjørklund, G., Nguyen, H. V., Farid, A., Sochor, J., Pholosi, A., Baron, M., Jakubek, M., Kizek, R. (2022). Effect of Biosynthesized Silver Nanoparticles on Bacterial Biofilm Changes in S. aureus and E. coli. Nanomaterials (Basel, Switzerland), 12(13), 2183. https://doi.org/10.3390/nano12132183
Sarkar, J., Das, S., Aich, S., Bhattacharyya, P., Acharya, K. (2022). Antiviral potential of nanoparticles for the treatment of Coronavirus infections. Journal of trace elements in medicine and biology: organ of the Society for Minerals and Trace Elements (GMS), 72, 126977. https://doi.org/10.1016/j.jtemb.2022.126977
He, Q., Lu, J., Liu, N., Lu, W., Li, Y., Shang, C., Li, X., Hu, L., Jiang, G. (2022). Antiviral Properties of Silver Nanoparticles against SARS-CoV-2: Effects of Surface Coating and Particle Size. Nanomaterials (Basel, Switzerland), 12(6), 990. https://doi.org/10.3390/nano120609
Abdullaeva, Z. (2017). Synthesis of Nanoparticles and Nanomaterials. Springer, Cham. https://doi.org/10.1007/978-3-319-54075-7_3
Абдуллаева Ж.Д., Бепиев Э.А., Урмонов Д.Г., Табалдыев А.Т., Топчубаева Б.Т. (2025a). Способ синтеза наночастиц оксида цинка и смеси наночастиц оксида цинка и серебра. Кыргызпатент № 424, 30.05.2025, Бишкек.
Абдуллаева, Ж.Д., Абдуллаев Д.К., Калматов Р.К., Урмонов Д.Г., Эркинали уулу Б, Топчубаева Э.Т. (2025b). Способ приготовления антибактериальных перевязочных материалов с наночастицами. Кыргызпатент № 427, 30.06.2025, Бишкек.
Абдуллаева, Ж., Абдураупова, Н., Жоробекова, М., Матураимов, А. (2025c). Применение наночастиц в лечении ожоговых ран. Вестник Ошского государственного университета, (3), 15–31. https://doi.org/10.52754/16948610_2025_3_0_2




