НАНОБӨЛҮКЧӨЛӨРДҮ КҮЙҮК ЖАРАТТАРЫН АЙЫКТЫРУУДА КОЛДОНУУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2025_3_0_2%20Ачкыч сөздөр:
экинчи даражадагы күйүк жарааты, балдар, чоңдор, цинк оксидинин нанобөлүкчөлөрү, күмүш нанобөлүкчөлөрүАннотация
Теринин кайра жаралуучу активдүүлүгү күйүк жараларын убагында айыктыруу үчүн абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө фармацевтикалык рынокто күйүк жараларын жергиликтүү дарылоо үчүн кеңири колдонулган каражаттар сунушталса да, эң оптималдуу жараны айыктыруу эффективдүүлүгүнүн деңгээли азырынча жетишилген эмес. Изилдөөнүн максаты: экинчи даражадагы күйүк оорулары менен жабыркаган чондордун жана балдардын күйүк жараларын цинк оксидинин жана күмүштүн нанобөлүкчөлөрүн колдонуу менен айыктыруу жана теринин регенеративдик активдүүлүгүнүн жаштык өзгөчөлуктөрүн изилдөө. Изилдөөнүн милдеттери: 1) цинк жана күмүш оксидинин нанобөлүкчөлөрүн синтездөө, алардын түзүлүшүн, курамын жана антибактериалдык касиеттерин аныктоо; 2) балдардын жана чоңдордун экинчи даражадагы күйүк жарааттарын жергиликтүү дарылоо үчүн цинк жана күмүш оксидинин нанобөлүкчөлөрүн камтыган таңгычтарды иштеп чыгуу; 3) курамында цинк жана күмүш оксидинин нанобөлүкчөлөрү бар таңгычтардын экинчи даражадагы күйүк жараларын дарылоодо башка дарыларга салыштырмалуу эффективдүүлүгүн аныктоо. Бул изилдөөдө күйүк жараларын дарылоодо бактерияга каршы дары-дармек камтыган жука каптамаларды даярдоо үчүн цинк оксиди жана күмүш наночөлүкчөлөрүн синтездөө боюнча эксперименттер жүргүзүлдү. Цинк оксиди жана күмүш наночөлүкчөлөрү химиялык ыкма менен синтезделди. Синтезделген нанобөлүкчөлөрдүн түзүлүшү жана фазалык курамы рентген дифракциялык анализи (PДA) жана инфракызыл спектроскопиясы аркылуу аныкталды. Күйүк жараларын дарылоодо цинк оксиди жана күмүш нанобөлүкчөлөрүн камтылган каптамаларды даярдоонун бир нече этабы аткарылып, ал акыркы продуктунун стерилдүүлүгүн, бирдиктүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоого багытталган. Цинк оксиди жана күмүш наночөлүкчөлөрүнүн бактерияга каршы активдүүлүгү Мюллер-Хинтон агарында диск диффузиялык ыкма менен аныкталды жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2018-жылындагы 25-октябрдын № 729 буйругунда көрсөтүлгөн нускамаларга ылайык жүргүзүлдү. Теринин регенерациясынын жаштык өзгөчөлүктөрү: балдарда теринин регенерациялоо жөндөмдүүлүгү чоңдорго караганда жалпысынан жогору, бул зат алмашуунун жогору болушу, микроциркуляциянын жакшырышы жана клеткалык пролиферациянын жогору болушу менен байланыштуу. Чоңдордо регенерация процесси жайыраак жүрөт, бул организмдеги жаш куракка байланыштуу өзгөрүүлөргө, мисалы, клеткалардын иштешинин төмөндөшүнө, микроциркуляциянын начарлашына жана тери кыртышында жалпы куракка байланыштуу өзгөрүүлөргө байланыштуу.
Библиографиялык шилтемелер
Abboud, Y., Saffaj, T., Chagraoui, A. et al. (2014). “Biosynthesis, characterization and antimicrobial activity of copper oxide nanoparticles (CОNPs) produced using brown alga extract (Bifurcaria bifurcata)”. Appl Nanosci 4, p. 571–576. https://doi.org/10.1007/s13204-013-0233-x
Abdullaeva, Z. (2017). “Nanomaterials in Health care and Cosmetics”. In: Nanomaterials in Daily Life: Compounds, Synthesis, Processing and Commercialization, Springer, p. 47-65. https://doi.org/10.1007/978-3-319-57216-1
Matei, A. (2008). “Synthesis and characterization of ZnO – polymer nanocomposites”. Int J Mater Form 1, (Suppl 1), p. 767–770.
Rettinger, C.L., Fletcher, J.L. Carlsson A.H. et al. (2017). “Accelerated epithelialization and improved wound healing metrics in porcine full-thickness wounds transplanted with full-thickness skin micrografts”. Wound Repair Regen, 25(5), p. 816-827.
Wallace, A.B. (1951). “The exposure treatment of burns”. Lancet (London, England), 1(6653), p. 501–504. https://doi.org/10.1016/s0140-6736(51)91975-7
Xia, B., He, F., Li, L. (2013). “Preparation of bimetallic nanoparticles using a facile green synthesis method and their application”. Langmuir, 16;29(15), p. 4901-7. https://doi.org/10.1021/la400355u
Довнар, Р.И., Смотрин, С.М., Ануфрик, С.С., Соколова, Т.Н., Анучин, С.Н., Иоскевич, Н.Н. (2022). “Антибактериальные и физико-химические свойства наночастиц серебра и оксида цинка”. Журнал Гродненского государственного медицинского университета, 20 (1), p. 98-107.
Патенты
Абдуллаева, Ж.Д., Бепиев Э. А., Урмонов Д.Г., Табалдыев А.Т., Топчубаева Б.Т. (2025). Способ синтеза наночастиц оксида цинка и смеси наночастиц оксида цинка и серебра. Кыргызпатент.


