МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ ЖАНА АГАРТУУЧУ БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ

Авторлор

  • Зухра Алтымышова Кыргыз-Түрк "Манас" университети
  • Гүлжамал Эсеналиева С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2024_4_13

Ачкыч сөздөр:

маданий революция, Базаркул Данияров, сабатсыздыкты жоюу, латинизация, репрессия

Аннотация

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Кыргызстандагы көп тил билген, билимдүү жана жөндөмдүү жергиликтүү интеллигенциянын көпчүлүгү республикадагы  жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалашкан. Алгачкы агартуучулар, мамлекеттик ишмерлер большевиктер ишке ашырууну пландаган калкты социалисттик курулушка тартуу боюнча социалдык-экономикалык маанилүү иш-чараларды, атап айтканда коллективизация жана индустриализацияны ошол эле учурда маданий революцияны ишке ашырууга эбегейсиз салым кошушкан. Алардын баары өз мекенинин өнүгүшүнө чоң эмгек сиңиришкендиги белгилүү. Ар бир тарыхый процессте инсандын жана анын ишмердүүлүгүнүн орду чоң. Бул макаланын максаты 1920-30-жж. маданий революциянын аткарылышына түздөн-түз катышкан агартуучунун ишмердүүлүгү аркылуу республикадагы маданият тармагында жүргүзүлгөн иштерди тактоо болуп саналат. Изилдөөнүн жыйынтыгында каралып жаткан доордогу маданий революциянын айрым аспектилери аныкталды жана Базаркул Данияровдун башка агартуучулардай эле көп тармактар боюнча маданий революцияга жигердүү кол-кабыш кылгандыгы айкындалды.

Библиографиялык шилтемелер

Абрамзон, С.М. (1931). “Современное манапство в Киргизии”. Советская Этнография, № 3-4, 43-59.

Баберовски, Й. (2014). Выжженая земля. Сталинское царство насилия (Л.Ю. Пантиной, Пер.). Москва: РОССПЭН.

Бектенов, З. (1992). Замандаштарым жөнүндө эскерүү. Бишкек: Адабият.

Данияров, С. (1963). Культурное строительство в Советском Киргизстане (1918-1930). Фрунзе: Изательство Академии Наук Киргизской ССР.

Даниярова, К. Б. (2007). Базаркул Данияров - первый педагог. Бишкек: Учкун.

История Киргизской ССР. (1986). Том 3. Фрунзе: Кыргызстан.

Кыргызстандын тарыхы. (2016). Байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин (Т.3). Бишкек: Кут-Бер.

Плоских, С. (2012). Интеллигенция и власть Кыргызстана: Проблема взаимоотношений в советскую эпоху. Бишкек: Кыргызско-Российский Славянский Университет.

Тарасов, И. (1968). Партийное руководство-источник силы печати. Фрунзе: Кыргызстан.

Carrere d’Encausse, H. (1979). Decline of an Empire. New York: Newsweek Books.

Fitzpatrick, S. (2005). Tear Off The Masks!: Identity and Imposture in Twentieth Century Russia. Princeton: Princeton University Press. DOI: https://doi.org/10.1515/9781400843732

Санжарбек Данияровдун Фонду. URL: https://daniyarov.kg (Кирүү убактысы: 26.11.2024).

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-12-27

Кандай шилтеме берүү керек

Алтымышова, З., & Эсеналиева, Г. (2024). МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ ЖАНА АГАРТУУЧУ БАЗАРКУЛ ДАНИЯРОВ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (4), 123–132. https://doi.org/10.52754/16948610_2024_4_13