КЫРГЫЗСТАНДАН РОССИЯГА БОЛГОН МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯ ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ

Авторлор

  • Гулзина Даниярова Ош мамлекеттик университети
  • Гүлүмбү Токоева Ош мамлекеттик университети
  • Венера Джанибекова Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2024_4_10

Ачкыч сөздөр:

эмгек миграциясы, мигранттардын көйгөйлөрү, Россия Федерациясы, “кара тизме”, мигранттардын укуктары, ЕАЭБ

Аннотация

Макалада Россия Федерациясынын аймагындагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын мыйзамсыз жумушка орношуусунун натыйжасында пайда болгон көйгөйлөрү каралган, алар региондорго карабастан бирдей жана укуктук сабаттуулуктун төмөн деңгээли менен байланышкан. Жашаган жери боюнча каттоого турууда тоскоолдуктар болгондуктан, эмгек мигранттары айласыздан мыйзамсыз миграцияга дуушар болушуп, анын натыйжасында көптөгөн көйгөйлөр жаралып жатат. Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдиктин толук кандуу мүчөсү болсо да, эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү келишимде белгиленген укуктардан пайдалана алышпайт. Мунун негизги себеби болуп эмгек мигранттарынын көпчүлүгү Россия Федерациясынын да, Кыргыз Республикасынын да миграциялык мыйзамдарынын талаптарын билбегендигинде. Бул алардын укуктук абалына, мыйзамга ылайык ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле социалдык адаптациянын шарттарына түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул макалада Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан 2022-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыктары, авторлор тарабынан онлайн жүргүзүлгөн "ЕАЭБ: Россиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү жана перспективалары" (2023) жана “Кыргызстандагы аялдар миграциясы: себептери жана көйгөйлөрү” (2021) эки сурамжылоонун жыйынтыктары колдонулган.

Библиографиялык шилтемелер

Даниярова, Г.М. (2021). Кыргызстандагы аялдар миграциясы: себептери, көйгөйлөрү жана аларды чечүү боюнча сунуштар. Вестник Ошского государственного университета, Том. 1, №3, сс. 203-210. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_3_203. EDN: XUUHVO. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_1_3_203

Джумалиева, А.Т. (2023) Трудовая миграция: опыт изучения кыргызской миграции в России. (cc. 109-113). Известия НАН КР, 2023, №4, 109-113.

Евразиялык Экономикалык Биримдик тууралуу келишим. XXVI бөлүм, ЭМГЕК МИГРАЦИЯСЫ, 96-97-беренелери

Каримов, Д. (2023). В России увеличилось количество трудовых мигрантов из Кыргызстана. Российская газета “Неделя” №60(9005) 22 марта, 2023. https://rg.ru/2023/03/22/chislo-trudovyh-migrantov-iz-kyrgyzstana-v-rossii-vyroslo.html (Дата обращения 01.10.2024)

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети. КЫРГЫЗ РЕПУБЛИКАСЫНЫН КАЛКЫНЫН МИГРАЦИЯСЫ. (2024). Бишкек 2024, 7-бет.

Макыев, С.Т., Табалдиева, Н.А. (2024). Кыргызстандагы жаштар арасындагы миграция маселелери. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Экономика, №1(4), бб. 89-99. DOI: 10.52754/16948734_2024_1(4)_13. EDN: DTRNEB. DOI: https://doi.org/10.52754/16948734_2024_1(4)_13

Минтруд помог получить невыплаченную в РФ зарплату на сумму 17,6 млн рублей, https://mlsp.gov.kg/ru/2024/05/20/mintrud-pomog-poluchit-nevyplachennuyu-v-rf-zarplatu-na-summu-176-mln-rublej/ (Дата обращения 01.10.2024)

Токоева, Н. Число кыргызстанских мигрантов в России уменьшилось — замминистра труда, https://24.kg/vlast/294890_chislo_kyirgyizstanskih_migrantov_vrossii_umenshilos_zamministra_truda/ (Дата обращения 01.10.2024)

Schenk, C.(2015). Labor Migration in the Eurasian Union: WILL FREEDOM OF MOVEMENT TRUMP DOMESTIC CONTROLS? PONARS Eurasia Policy Memo No. 378 August 2015.

Sengupta, A. (2022). Pandemic and Governance in Central Asia. Policies and Practices 137, December. p. 11.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-12-27

Кандай шилтеме берүү керек

Даниярова, Г., Токоева , Г., & Джанибекова, В. (2024). КЫРГЫЗСТАНДАН РОССИЯГА БОЛГОН МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯ ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (4), 99–108. https://doi.org/10.52754/16948610_2024_4_10

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

САЯСАТ ТААНУУ