КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДИН ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ САЯСАТЫНЫН НЕГИЗИНДЕ ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ДИН ТААНУУ ПРЕДМЕТИ МАСЕЛЕСИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2024_2_20Ачкыч сөздөр:
диний билим берүү, дин таануу, мектеп, медресе, диний билим берүү саясаты, теологияАннотация
Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгандан баштап диний билим берүүгө эркиндик берди. Бул эркиндиктин шарапаты менен кыргызстандын бардык аймактарында диний билим берген мекемелер ачылды. Кыргызстанда негизинен 2 диндин өкүлдөрү диний билим берүү ишмердүүлүгүнүн жүргүзүшөт. Алар ислам жана христиандар. Ислам дини жаатында диний билим берүү басымдуулук кылат. 1991-жылы Кыргызстанда алгачкы диний билим берген Азирети Умар атындагы медресе ачылган. Андан кийин аймактарга да диний билим берүү мекемелери ачылып, учурда алардын саны 300 ашкандыгы маалым. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары мектептерге Ыйман сабагы киргизилип, ошол айылдын имамы келип жумасына бир күн атайын дин, ишеним тууралуу сабак өтөт эле. Кийинчерээк ал сабакты окуткан имамдар мектеп мугалимдеринин кийимдерине жана жүрүм-турумуна кийгилишүүсү кээ бир жерде резонанс жаратып натыйжада мектеп директорлорунун талабынын негизинде узакташтырылган. 2014-жылы февраль айында өткөн Коргоо Кеңешинин жыйында кабыл алынган чечимдин негизинде диний билим берүү жана дин таануу предмети тууралуу маселе козголуп иретке келтирүү талабы коюлган. Алар ислам багытындагы диний билим берген мекемелердин окуу планы жана мазмунун талапка шайкеш келтирүү менен иретке салуу. Ошондой эле мамлекеттик орто мектептерге дин таанууга байланыштуу сабак киргизүү. 2016-жылдан баштап Диндердин маданияты тарыхы деген предмет пилоттук негизде кээ бир мектептерге киргизилген. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин 2021-жылдан баштап Диндердин өнүгүү тарыхы предмети бардык мектептерге киргизилип окутула баштады. Биз бул макалабызда жогорудагы келтирилген маселенин үстүндө анализ жүргүзөбүз.
Библиографиялык шилтемелер
Азаттык радиосу. 2016 год 23 февраля. Кыргызская служба. http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_religion_security/27568626.html (кайрылган датасы: 16.11.2023)
Бирдиктүү окуу планы. https://muftiyat.kg/birdiktuu-programma/ (кайрылган датасы: 15.12.2023)
Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдардагы дин чөйрөсүндөгү саясатынын концепциясы. (11-ноябрь 2014-жылы Коргоо Кеңешинин отурумунда бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин 2000-жылдын 29-декабрынан №752/1 буйругу менен жогорку профессионалдуу билим берүүнүн адистиктери жана даярдоо багыттарынын тизмеси http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/31723 (кайрылган датасы: 17.11.2023)
Кыргыз Республикасынын Конституциясы 11-апрель 2021-жылы жалпы элдик референдумда кабыл алынган.
Мамаюсупов О. (2004) “Религиозная ситуация в Кыргызской Республики”, //Сборник материалов международной конференции «Ислам в Центральной Азии». –Ош, 20-22 май 2004.
Муфтияттын официалдуу сайты https://muftiyat.kg/maalymat/ (кайрылган датасы: 23.10.2023).
Шеров Ш. Тарых и.к. алуу талабына үчүн жазылган диссертация lib.kg/kyrgyzskij-sherov-shajyrbek-bijzhanovich-kyrgyzstandagy-dinij-islamdyk-bilim-ber-n-n-t-z-l-sh-abaly-zhana-k-jg-jl-r-1991-2010-zhzh/
Шеров, Ш.Б. Жалпы орто билим берүү мекемелерге "дин маданиятынын тарыхы" сабагын киргизүүдөгү көйгөйлөр / Ш. Б. Шеров, К. А. Таиров // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 3. – P. 109-113. – DOI: 10.52754/16947452_2021_2_5_109. – EDN: FHQZDK. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_2_5_109
Kozukulov T., (2010). Günümüz Kırgızlarda Din Anlayışı ve Fenomenleri. //Uluslar Arası Türk Dünyası Din Anlayışları Sempozyum, 4-6 Kasım 2010.
Kozukulov T., (2015). Kirgizistan’da dini kurumsallaşma ve toplum.// Ağrı universitesi sosyal bilimler dergisi. Ağrı. №1
Kozukulov T., (2015). Kırgız Toplumununu Dini Aydınlatma Meselesinde Din Eğitiminin Rölü Ve Ona Etki Eden Yerel Ve Dış Faktörler.// III. Uluslararası KOP Bölgesel Kalkınma Sempozyumu Bildiri Kitabı.