ТААНЫП-БИЛҮҮ ИШМЕРДИГИН АКТИВДЕШТИРҮҮ БАГЫТЫНДА ОКУУ ТАПШЫРМАЛАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16947452_2022_4_147Ачкыч сөздөр:
тапшырма, Блумдун таксономиясы, Жер, Күн, таанып-билүү ишмердиги, окуп-үйрөнүүчү, окуу ишмердигиАннотация
Бул жумушта изилдөөнүн предмети катары окуп-үйрөнүүчүлөрдүн таанып-билүү ишмердигин активдештирүүгө багытталган деңгээлдик окуу тапшырмаларын иштеп чыгуу процесси каралды. Мындай деңгээлдик окуу тапшырмалары аркылуу окуп-үйрөнүүчүлөрдүн таанып-билүү ишмердигин активдештирүүнү уюштуруу жана аны баалоо максатында изилдөөлөр жүргүзүлдү. Мында байкоо, талдоо, жалпылоо, конкреттештирүү, эксперимент усулдары пайдаланылды. Жумуштун натыйжасы болуп, окуп-үйрөнүүчүлөрдүн таанып-билүү ишмердигин активдештирүүдө деңгээлдик окуу тапшырмаларынын артыкчылыгы көрсөтүлдү. Макалада деңгээлдик тапшырмалар мисал катарында физикада өтүлүүчү “жылдын төрт мезгилинин алмашуусу”, “күн менен түндүн алмашуусу” түшүнүктөрүнө байланышкан маалыматтарга карата Б.Блумдун таксономиясынын негизинде иштелип чыкты. Мында натыйжаларды пайдалануунун аймагы болуп, бардык окуу дисциплиналарын окутуу процесси саналат.
Библиографиялык шилтемелер
Якиманская, И.С. Педагогическая психология. (основные проблемы) [Текст]: учебное пособие / И. С. Якиманская. – Москва : Изд-во Московского психолого-социального ин-та; Воронеж : МОДЭК, 2008. [1] с. : ил.; 21 см. - (Серия «Библиотека психолога» / Российская акад. образования, Московский психолого-социальный ин-т)
Талызина, Н.Ф. Управление процессом усвоения знаний.[Текст] / Н.Ф. Талызина. Изд. 2-е, доп., исправ. – М.: Издательство Московского университета, 1984.
Борбоева, Г.М. Способ составления задач, при формировании пространственного мышления будущего учителя математики [Текст] / Г.М. Борбоева // Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана. – 2020. – №.12.
Леонтьев, А.Н. Деятельность. Создание. Личность. [Текст] / А.Н. Леонтьев. – Избранные произведения в 2-х томах, том II. – М., 1983.
Борбоева Г.М. «Жандаш бурчтар» түшүнүгүн калыптандыруунун мисалында мейкиндик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө шарт түзүү [Текст] / Г.М. Борбоева, Каныбек к. М., Розибаева М.И., Мурзакматова Г. Наука. Образование. Техника. – Ош: КУУ, 2021. – №2 (71).
Алтыбаева, М. Кесиптик билим берүүдө окутуунун натыйжаларын долборлоо маселелери [Текст]: окуу методикалык колдонмо / М. Алтыбаева – Ош: “Book дизайн” компьютердик кызматтары; – 2018.