КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ПРОВЕРБИАЛДЫК МЕЙКИНДИГИНДЕ АДАМДЫН ПОРТРЕТИН СҮРӨТТӨӨДӨГҮ «САКАЛ» СОМАТИЗМИНИН СЕМИОТИКАЛЫК ӨЛЧӨМҮ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_2_32%20Ачкыч сөздөр:
сакал, соматизм, семиотика, кыргыз тили, макалдарАннотация
Маанилүүлүк. Макалада кыргыз тилинин провербиалдык мейкиндигиндеги «сакал» соматизминин семиотикалык мааниси каралат. Иштин максаты — «сакал» компоненти катышкан макалдарда, лакаптарда, фразеологизмдерде жана туруктуу салыштырма бирдиктерде бекемделген этномаданий маанилерди аныктоо. Илимий маселе кыргыз тилдик дүйнө таанымында бул образдын социалдык жетилгендиктин, адеп-ахлактык беделдин жана маданий таандыктыктын белгиси катары жетиштүү изилденбегендиги менен байланыштуу. Талдоонун натыйжасында сакал жаш куракты, тажрыйбаны, кадыр-баркты, эркектүүлүктү жана руханий жетилгендикти билдирери, ошондой эле адеп-ахлактык нормаларды жана татыктуу жүрүм-турум жөнүндөгү элдик түшүнүктөрдү чагылдыруунун каражаты катары кызмат кылары аныкталды. Макаланын жаңылыгы «сакал» соматизмин кыргыз элинин баалуулук багыттарын жана салттуу дүйнө таанымынын өзгөчөлүктөрүн ачып берген маданий код катары комплекстүү сүрөттөөдө турат.
Библиографиялык шилтемелер
Ахматалиев, А.С. (2006). Кыргыз тилинин этнолингвистикасы. Бишкек: Илим.
Вежбицкая, А. (2001). Понимание культур через ключевые слова. Москва: Языки славянской культуры.
Жанчарбекова, С.Ж. (2021). Соматизмы в структуре паремиологических средств кыргызского языка. International Journal of Humanities and Education Research, 5 (3), 55–60.
Кыргыз макал-лакаптары. (2010). Түз. А. С. Ахматалиев. – Бишкек: Учкун.
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (2016). Бишкек: Ин-т языкознания НАН КР.
Лотман, Ю.М. (1992). Культура и взрыв. М.: Гнозис
Потебня, А.А. (1913). Мысль и язык. Харьков: Тип. М. Зильберберга.
Сборники народного устного творчества. (2000–2020). Институт языка и литературы НАН КР, Бишкек.
Телия, В.Н. (1996). Русская фразеология: Семантический, прагматический и лингвокультурологический аспекты. М.: Языки русской культуры.
Толстой, Н.И. (1995). Язык и народная культура: Очерк по славянской этнолингвистике. М.: Индрик
Фразеологический словарь кыргызского языка. (2014). Под ред. А. С. Ахматалиева. Бишкек: Билим.
Элиаде, М. (1999). Священное и мирское. М.: Изд-во МГУ.
Юдахин, К. К. (2019). Кыргызско-русский словарь. Бишкек: Полиграфбумресурсы.
Beyer, Judith. (2010). Authority as Accomplishment: Intergenerational Dynamics in Talas, Northern Kyrgyzstan. В A. Sengupta & S. Chatterjee (Ed.), Eurasian Perspectives: In Search of Alternatives (pp. 78–92). New Delhi: Shipra.




