САНАРИПТИК ЧӨЙРӨДӨ ЖАШТАР АРАСЫНДА «АПТЕКАЛЫК» БАНГИЗАТКА КӨЗ КАРАНДЫЛЫКТЫН АЛДЫН АЛУУНУН СОЦИАЛДЫК-БИЛИМ БЕРҮҮ СТРАТЕГИЯЛАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_2_14%20Ачкыч сөздөр:
«аптекалык» бангизатка көз карандылык, алдамчылык, социалдык тармактар, мессенджерлер, алдын алууАннотация
Маанилүүлүк. Макала санариптик коомдук мамилелер шартында жаштар арасында «аптекалык» бангизатка көз карандылыктын алдын алуунун социалдык-билим берүү стратегияларын талдоого арналган. Изилдөөнүн актуалдуулугу психоактивдүү дарылардын медициналык максатта эмес колдонуунун жашыруун (латенттүү) формаларынын санариптик байланыш каналдары аркылуу жайылышы менен шартталган. Изилдөөнүн максаты — аптекалык бангизатка көз карандылыктын негизги социалдык жана психологиялык факторлорун аныктоо, ошондой эле, социалдык тармактардын жана мессенджерлерде таралышындагы ролун баалоо. Жашыруун студенттик сурамжылоого негизделген маалыматтар боюнча, дарылардын медициналык максатта эмес колдонулушуна негизги түрткү болуп эмоционалдык чыңалуу, стресс учурлары жана референттик топтун таасири болуп саналат. Изилдөө учурунда рецепт боюнча дарылардын мыйзамсыз айлануусун камсыз кылган кеңири таралган санарип схемалар аныкталды, анын ичинде жалган интернет-аптекалар, жабык онлайн маалыматтар жана псевдомедициналык кенештер бар. Маселени чечуунун зарылчылыгы катары алдын алуу боюнча чаралар комплекси сунушталат. Ага билим берүү жана маалымдоо программалары, санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү, үй-бүлө жана жаштар чөйрөсүн тартуу, ошондой эле, көз карандылыктын коркунучтарын эрте аныктоо үчүн онлайн куралдарды колдонуу кирет. Мындан тышкары, жаштар арасындагы «аптекалык» бангизатка көз карандылыкты алдын алуу системасында укуктук, медициналык жана технологиялык механизмдерди интеграциялоо зарыл. Изилдөө ОшГУнун (Д.31/24) грантынын алкагында жүргүзүлдү.
Библиографиялык шилтемелер
https://docs.google.com/forms/) (дата обращения 25.05.2026)
https://onehealthtrust.org/?gad_source (дата обращения 25.05.2026)
https://www.cdc.gov.) (дата обращения 25.05.2026)
https://www.euda.europa.eu/index_en (дата обращения 25.05.2026)
https://www.euda.europa.eu/publications/european-drug-report/2024_en (дата обращения 25.05.2026)
https://www.issup.net/ (дата обращения 25.05.2026)
https://www.unodc.org/ (дата обращения 25.05.2026)
https://www.unodc.org/ (дата обращения 25.05.2026)
https://www.unodc.org/unodc/en/data-and-analysis/world-drug-report-2024.html (дата обращения 25.05.2026)
https://www.who.int/europe/health-topics/drugs-psychoactive#tab=tab_1 (дата обращения 25.05.2026)
https://www.who.int/europe/health-topics/drugs-psychoactive#tab=tab_1 (дата обращения 25.05.2026)
https://www.who.int/health-topics/drugs-psychoactive#tab=tab_1 (дата обращения 25.05.2026)




