ТӨКМӨЛӨРДҮН ЭСИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_26%20Ачкыч сөздөр:
акын-төкмө, импровизация, психология, когнитивдик модель, көңүл бурууАннотация
Бул макалада төкмө акындардын чыгармачылыгындагы эс процесстеринин өзгөчөлүктөрү когнитивдик психологиянын негизинде алгач ирет илимий жактан талдоого алынат. Төкмөлүк өнөр өтө татаал психологиялык ишмердик болуп, эс, көңүл буруу, кабыл алуу, ой жүгүртүү жана кыялдануу сыяктуу таануу процесстеринин жогорку деңгээлде өнүккөн болушун талап кылат. Изилдөөнүн максаты – төкмөлөрдүн көп сандаган ырларын, обон-тондорун, тексттерин жана айтыш учурунда атаандаш акындын ар бир сөзүн так эстеп, бат жооп кайтаруусунун психологиялык механизмдерин аныктоо. Макалада Дж. Миллер, Аткинсон-Шиффрин, Баддели-Хитч сыяктуу когнитивдик моделдердин алкагында төкмөлөрдүн эс процесстери талданат. Изилдөөнүн жыйынтыгында, төкмө акындарга мүнөздүү оперативдүү, семантикалык жана вербалдык эс механизмдери алардын импровизациялык чыгармачылыгынын негизин түзөрү аныкталды. Изилдөөнүн актуалдуулугу төкмөлүк өнөрдү психологиялык аспектен системалуу изилдөөнүн жетишсиздиги жана улуттук оозеки чыгармачылыктын когнитивдик табиятын илимий жактан түшүндүрүүгө болгон зарылчылык менен шартталат. Алынган жыйынтыктар төкмөлүк өнөрдү изилдөөдө гана эмес, оозеки маданий мурастын психологиялык негиздерин ачып берүүдө да теориялык жана практикалык мааниге ээ. Мындан тышкары төкмө акындардын эс процесстеринин калыптанышына таасир этүүчү тажрыйбалык факторлор жана оозеки чыгармачылыктын ролу да эске алынды. Ошондой эле, төкмөлүк ишмердиктин шарттык мүнөзү эс процесстеринин ыкчам активдешүүсүн талап кылары белгиленди.
Библиографиялык шилтемелер
Алагушов, Б. (1988). Ырдагы өмүрлөр: Портреттер, ар жылдардын ар кыл ойлору. Кыргызстан.
Барпы. (1995). Чыгармалар (Т. 1; Б. Апилов, түз.; К. Даутов, жооптуу ред.). Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы.
Волков, Г. Н. (2000). Этнопедагогика. Академия.
Ирисов, П. (2004). Ырчылар чыгармачылыгы.
Кыргыз поэзиясынын антологиясы. (1980). I том. Кыргызстан.
Межличностное восприятие в группе. (1981). Г. М. Андреева, А. И. Донцов (ред.). МГУ, 26-36.
Мурзаев, М.С. (2022). Психологиялык түшүнүктөрдүн жана терминдердин сөздүгү.
Мурзаев, М.С. (2024a). Социалдык психология. Улуу Тоолор.
Мурзаев, М.С. (2024b). Төкмөлөрдүн психологиялык өзгөчөлүктөрү. Вестник КГУ имени И. Арабаева, 4, 20-26.
Психология: Словарь. (1990). А. В. Петровский, М. Г. Ярошевский (ред.). Политиздат.
Салиев, А.А. (1980). Человеческая психология и искусство. Кыргызстан.
Султанова, Ж., Абасбекова, А. (2024). Тенденции развития жанра “айтыш” в современном контексте. Вестник Ошского государственного университета, (4), 243–253. https://doi.org/10.52754/16948610_2024_4_23
Когнитивная психология. (ж.д.). Интернет-ресурс.
Miller, G.A. (1956). The magical number seven, plus or minus two: Some limits on our capacity for processing information. Psychological Review, 63(2), 81-97. https://doi.org/10.1037/h0043158
Atkinson, R.C., & Shiffrin, R.M. (1968). Human memory: A proposed system and its control processes. In K. W. Spence & J.T. Spence (Eds.). The psychology of learning and motivation (Vol. 2, pp. 89–195). Academic Press.
Baddeley, A.D., & Hitch, G.J. (1974). Working memory. In G. A. Bower (Ed.). The psychology of learning and motivation (Vol. 8, pp. 47–89). Academic Press.
O’Keefe, J., & Nadel, L. (1978). The hippocampus as a cognitive map. Oxford University Press.




