МУХТАР БОРБУГУЛОВДУН “МАНАС” ЭПОСУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА БАЙЛАНЫШКАН КӨЗ КАРАШТАРЫ

Авторлор

  • Медергүл Табалдиева Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_22%20%20

Ачкыч сөздөр:

Манас” эпосу, дүйнөлүк адабият, Мухтар Борбугулов, генезис, фольклор

Аннотация

Аталган макалада Мухтар Борбугуловдун “Манас” эпосунун генезисине байланышкан маселеге карата гипотезалары берилет. Аны изилдөөдө түрк тилдүү элдердин жана дүйнө элдеринин фольклорунун контекстинен салыштырып талдоого аракет кылган. Башкача айтканда ал өзүнө чейинки окумуштуулардын көз караштарын салыштырып, алардын негизинде өзүнүн илимий жыйынтыгын чыгарган Бул – анын изилдөөлөрүнүн күчтүү жагы, анткени ал «Манас» эпосун дүйнөлүк эпикалык мурастын контекстинде караган. “Манас” эпосунун келип чыгышына байланышкан бир топ изилдөөлөр ар түрдүү аспектиде жана ар түрдүү көз караштан каралгандыгына карабастан Мухтар Борбугулов дагы башка ракустан карагандыгы белгиленип, илимий изилдөөлөрүнө талдоо жүргүзүлдү. Эмгекте эпостогу каармандардын образы көөнө түшүнүктөрдөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки изилдениш абалы эволюциялык планда салыштырылып изилденген. Ошондой эле, эпостордон конкреттүү мисалдар келтирилип, окшош деталдарга, сюжеттик окшоштуктарга кайрылгандыгы белгиленди. М. Борбугулов эпостун келип чыгышын мифологиялык негиздер менен байланыштырган, айрыкча ал Манастын образын космостук, мифтик түшүнүктөр менен (Күн, Ай символдору) байланыштырып, Манас – же Күн менен Айдын өзү, же алардын туундусу деген идеяны карманган. Ал эпосту жөн гана тарыхый чыгарма катары эмес, байыркы дүйнө таанымдын, мифологиянын жана көркөм ой жүгүртүүнүн жыйынтыгы катары кароого чоң салым кошкон.

Библиографиялык шилтемелер

Абдиева, Ж.К., Төлөгөнова, Ж. (2023). “Манас” эпосунун изилдениш тарыхынан. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (2), 107–114. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_2_13

Асакеева, Д.Ж. (2013). Адабият теориясы. Бишкек: Газета KG.

Байгазиев, С. (2002). Жалпы хордон бөлүнгөн, өз жүзү менен көрүнгөн. Эркин-Тоо гезити, 10-апрель.

Байгазиев, С. (2014). «Манас» эпосунун руханий, адептик-философиялык, патриоттук улуу дөөлөттөрү жана педагогикалык асылнарктары. Бишкек: Алтын Тамга.

Борбугулов, М. (2004). «Манас» эпосу: башаттары, эволюциясы. Бишкек.

Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. (2005). 2 томдук илимий басылма. Т. 1. Бишкек: Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору.

Разак уулу, Д. (2025). Башкыр окумуштуусу Абдулкадир Инандын изилдөөлөрүндө «Манас» эпосу жана анын Түркияда таанытылышы. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, (2(6), 1–15. https://doi.org/10.52754/16948874_2025_2(6)_1

Салимбаева, Б. (2025). «Манас» эпосундагы элдик тарбия аркылуу окуучулардын чынчылдык, жоопкерчиликтүүлүк жөндөмүн калыптандыруу. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, 1(1), бб. 10-16. https://doi.org/10.65469/eijournal.2025.1.2

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2026-04-01

Кандай шилтеме берүү керек

Табалдиева , М. (2026). МУХТАР БОРБУГУЛОВДУН “МАНАС” ЭПОСУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА БАЙЛАНЫШКАН КӨЗ КАРАШТАРЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (1), 314–324. https://doi.org/10.52754/16948610_2026_1_22

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ФИЛОЛОГИЯ