БАТА БЕРҮҮНҮН ПРАГМАТИКАЛЫК МААНИСИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_16Ачкыч сөздөр:
бата берүү, прагматика, кайталоо, дискурс, адресант, адресат, кырдаалАннотация
Макалада бата берүүнүн прагматикалык мааниси жөнүндө сөз болот. Бата берүү күнүмдүк турмушубузда кеңири колдонулат. Кыргыз этносунун ой-туюмунда батага ишенүү, сөз күчүнө ынануу, андан таасирленүү, натыйжага жетүү ж.б. түшүнүктөр жашап келет. Бата ой кампабызда даяр формула катары жашайт. Айтылуучу учурда кырдаалга шартка жараша аткарылат.
Бата прагматикасы дайыма кайталоо менен коштолот. Адресант адресатка бата тилөөдө бир нече императивдерди кайталап колдонот. Бата түзүлүшү жагынан ыр жана кара сөз түрүндө берилсе, ал эми колдонулуу өзгөчөлүгүнө карата жеке жана жалпы болуп бөлүнөт.
Бата берүүнүн прагматикасы өзгөчө. Бата берүү төмөндөгүдөй тартипте аткарылат. Бата айтуучу же берүүчү жалгыз – бата алуучу да жалгыз, бата айтуучу жалгыз – бата алуучу көпчүлүк, бата айтуучу көпчүлүк – бата алуучу жалгыз, бата айтуучу көпчүлүк бирок бата алуучу көмүскөдө, жалпы көпчүлүктүн, жалпы көпчүлүккө бата берүүсү.
Библиографиялык шилтемелер
Абдулатов А. Паремияларды когнитивдик-педагогикалык максатта сыпаттоонун айрым проблемалары. - Ош: Б-сыз, 2006.
Джапанов А. Ак баталар. –Бишкек, 2011.
Жусубалиев А. Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы. -Бишкек, 2016.
Жусупов К., Ч.Өмүралиев. Ак бата. –Бишкек: Бийиктик, 2003.
Каада-салттар. Ак баталар. / Түз.:А.Акматалиев, К.Кырбашев, М.Өмүрбай уулу, Ө.Шаршеналиев. –Бишкек: Шам, 2003.
Карасаев К. Каамус наама. -Бишкек, 1996.
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. -Фрунзе: Мектеп, 1969.