ЖОЖДОРДО ЧЕТ ТИЛИН ОКУТУУДА «МУЛЬТИМАДАНИЙ КОМПЕТЕНЦИЯ» ТҮШҮНҮГҮНҮН ПЕДАГОГИКАЛЫК МАҢЫЗЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_10Ачкыч сөздөр:
Мультимаданий компетенция, окутуу зарылдыгы, маанилүүлүк, окуу ишмердүүлүгү, инсанды калыптандыруу, чоочун маданият, баарлашууАннотация
Макалада чет тили предметтери боюнча республиканын жогорку окуу жайларында окуп жаткан болочоктогу мугалимдин предметтик (кесиптик) ишмердүүлүгүнүн негизин мультимаданий компетенция түзөѳрү каралды. Мультимаданий компетенцияны калыптандыруу проблемалары жогорку окуу жайларындагы окутуунун заманбап технологияларынын негизги максаттары, милдеттери жана натыйжалары катары каралышы зарыл. Окуу жайлардагы окуу планынын мамлекеттик компоненти катары «чет тили» предметинин экинчи тил катары мүнѳзү автор тарабынан макалада ачылат. Макаланын авторунун ишениминде бул, баарынан мурда, окуу процессинде «тилди» жана «маданиятты» бир мезгилде окутуу зарылдыгынан улам келип чыккан педагогикалык жана дидактикалык шарттуулук. Ошентип, тилди маданияттын шарты катары да, анын элементтеринин бири катары да кароого болору белгиленди.
Макаланын материалдары бул түшүнүктѳрдүн ѳз ара карым-катышы проблемалары жѳнөкөй эле маселелерден эмес экенине туура баа берүүгѳ мүмкүнчүлүк берет деген ишенимдебиз. Ошондой эле, тилди маданияттын шарты катары да, анын элементтеринин бири катары да кароого болот. Макала мындагы окуу материалдарын республиканын жогорку окуу жайларынын окутуучулары, аспиранттар менен магистранттар жана мектеп мугалимдери сабак процессинде колдонууларына мүмкүн болгон практикалык мааниге ээ.
Библиографиялык шилтемелер
Асипова, Н.А. Научно-педагогические основы формирования культуры межнационального общения школьников: дис. … д-ра пед. наук. – Бишкек, 1997.
Гальскова Н.Д., Гез Н.И. Теория обучения иностранным языкам: лингводидактика и методика: учебное пособие. – М., 2005.
Соловова Е.Н. Методика обучения иностранным языкам (базовый курс): пособие для студентов пед. вузов и учителей. – М.: АСТ, 2008.
Жолчиева А.А. Формирование коммуникативных компетенций учащихся в процессе изучения иностранных языков (на примере английского языка в школах с кыргызским языком обучения): дис. … канд. пед. наук. – Бишкек, 2014. – 160 с.
Сартбекова Н.К. Методы формирования коммуникативной компетент-ности студентов при изучении английского языка в неязыковых вузах // Humanities and Social Sciences in Europe: Achievements and Perspectives 8th International symposium 27th September. – Вена, 2015.
Тер-Минасова С.Г. Язык и межкультурная коммуникация. – М., 2008
Кунанбаева С.С. Современное иноязычное образование: методология и теории. – Алматы, 2005.