СИНЬЦЗЯНДЫН БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ МЕНЕН МУНАЙ ЖАНА ГАЗ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫГЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_4Ачкыч сөздөр:
Кытай, Борбордук Азия, энергетикалык кызматташтык, мунай жана газ тармагындагы кызматташтык, энергетика тармагы, ШКУга мүчө өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштүк, Улуу Жибек жолуАннотация
Макала Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн мунай жана газ тармагындагы кызматташтыгына арналган. Мындай кызматташтыктын ыңгайлуу, ачык-айкын шарттары талдоого алынган. Мунай-газ тармагындагы кызматташтыкты чектеген көйгөйлөргө жана факторлорго өзгөчө көңүл бурулат. Кытай менен Борбордук Азия чөлкөмүнүн мунай жана газ тармагындагы кызматташуусунун келечеги болжолдонууда. Акыркы жылдары Борбор Азиядагы айрым мамлекеттердин активдүүлүгү байкаларлык өстү. Бул аймактагы геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү менен байланыштуу. Кытайдын Борбордук Азия мамлекеттеринин мунай жана газ өнөр жайларында болушу эки ача болуп көрүнөт. Бир жагынан, Кытай бул жана ага байланыштуу тармактарга кирүү боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишти. Экинчи жагынан, бул КНР менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда тең укуктуу жана өз ара пайдалуу мамилелердин калыптанышына али алып келе элек. Учурда бул жерде башкы ролдорго эки держава – Орусия менен Кытай талапкер катары коюлуп жатат.
Библиографиялык шилтемелер
Фролова И.Ю. Китай на внешних рынках энергоносителей [Текст] / И.Ю. Фролова // 43 Аналитические обзоры РИСИ. - 2009. - № 1(22).
Бондаренко А.В. Синьцзян-Уйгурский автономный район Китая в начале XXI века [Текст] / А.В. Бондаренко // – М.: ИДВ РАН, 2010.
Сыроежкин К.Л. Казахстан – Китай: от приграничной торговли к стратегическому партнерству [Текст] / К.Л. Сыроежкин // Сборник документов. – А., 2010. – Книга 3.
Хуашэн Чжао. Китай, Центральная Азия и ШОС [Текст] / Чжао Хуашэн // Рабочие материалы Карнеги. – 2005.
Хуашэн Чжао. ШОС и соотношение Великих держав на фоне новой ситуации в регионе ЦА [Текст] / Чжао Хуашэн // Analitic. – 2003. – № 1.
Нань Гуан. Энергетическая политика Китая и обеспечение энергетической безопасности в Центральной Азии [Текст] / Гуан Нань // Центральная Азия и Кавказ. - 2007. - № 6.