ПОРТРЕТТИК СҮРӨТТӨӨ Т. СЫДЫКБЕКОВДУН «ЖОЛ» ЖАНА «БЕЛ-БЕЛЕС» РОМАНДАРЫНЫН ПОЭТИКАСЫНДАГЫ КӨРКӨМ ЭЛЕМЕНТ КАТАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2025_3_0_15%20Ачкыч сөздөр:
поэтикалык элемент, статикалык портрет, динамикалык портрет, экспозициялык портрет, психологиялык портретАннотация
Бул макалада көркөм чыгарманын поэтикасындагы көркөм элемент катары портреттик сүрөттөө каармандын мүнөзүн ачууда негизги каражаттардын бири экендиги, ошондой эле ал окуянын өнүгүшүнө жана чыгарманын сюжеттик түзүлүшүнө да таасир этери белгиленет. Портрет көркөм дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү болуп, каарманды гана эмес, автордун өзүнүн коомго, доорго болгон көз карашын да билдире тургандыгы жана адабий чыгарманын поэтикалык түзүлүшүндөгү маанилүү компонент экендиги көрсөтүлөт. Ал каарманды тааныштырып гана тим болбостон, анын ички дүйнөсүн, коомдогу ордун, автордун мамилесин ачып берери, башкача айтканда, портрет сөз аркылуу тартылган сүрөт, ошол эле учурда символдук-маанилик жүк көтөрө тургандыгы белгиленет. Т. Сыдыкбековдун «Жол» жана «Бел-Белес» романдарынын поэтикасында портреттик сүрөттөө маанилүү көркөм элемент катары каралат. Каармандардын образын ачууда портреттин функциялары, ошондой эле улуттук, социалдык жана психологиялык аспекттерди чагылдыруудагы ролу белгиленет.
Библиографиялык шилтемелер
Абдулхамидова Б. Ажыматова З. Акматалиев А.(Ред) (2004). Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.
Акматова В. С., Дамилова Н. А. (2025). Образ матери и ребенка в мемуарном произведении Т. Сыдыкбекова «Путь». Бюллетень науки и практики. т. 11, №7. сс. 580-586. https://doi.org/10.33619/2414-2948/116/82.
Кыдырбаева Р., Асаналиев К.(2004). Кыргыз адабият илиминин терминдер сөздүгү. Бишкек.
Минина В.В. (2015). Два портрета, два художественных образа французской литературы. Вестник Северного (Арктического) федерального университета. Сер. Гуманитарные и социальные науки, №4, сс. 85-92. https://www.elibrary.ru/download/elibrary_24292014_54678323.pdf
Симонова Т.Г. (2002). Мемуарная проза русских писателей ХХ века: поэтика и типология жанра. Гродно.
Сыдыкбеков Т. (1996). Бел-белес. Бишкек: “Акыл” мамконцерни.
Сыдыкбеков Т. (2022). Жол: Автобиографиялык роман. Жаштар үчүн. Бишкек: Жамгыр.
Сыдыкбеков Т. (1982). Жол: Автобиографиялык роман. Жаштар үчүн. Бишкек: Мектеп.
Үкүбаева, Л. (2008). Ч.Айтматовдун Каармандарынын көркөм дүйнөсү. – Бишкек.
Хализев В.Е. (2002). Теория литературы: Учебник. Москва: Высшая школа.
Чернец Л.В, Юркина Л.А. (Ред) (2004). Введение в литературоведение: учебное пособие. Москва.
Эркебаев А. (2023). Рух дүйнөсүн аңтарып.1-китеп. Бишкек: “Улуу тоолор”.


