БАЛДАРДА ИНСАНДЫК САПАТТАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУДА КЫРГЫЗ ЖАНА ӨЗБЕК ЭЛДЕРИНИН КААДА-САЛТТАРЫНЫН ТИЙГИЗГЕН ТААСИРЛЕРИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2025_3_0_9%20Ачкыч сөздөр:
этнопедагогика, инсанды калыптандыруу, кыргыз элинин каада-салттары, өзбек элинин каада-салттары, үй-бүлөлүк тарбия, моралдык-адептик баалууулуктар, инсандык сапаттарАннотация
Бул макалада кыргыз жана өзбек элдеринин каада-салттары аркылуу баланын инсандык сапаттарын калыптандыруу маселеси иликтенет. Ар бир элдин маданий өзгөчөлүгү катары каралган каада-салттар баланын дүйнө таанымын кеңейтип, моралдык-адептик баалуулуктарын бекемдөөгө олуттуу таасир этээри талданган. Автор кыргыз жана өзбек элдериндеги бала тарбиялоого байланыштуу салттарды салыштырып, алардын мазмундук жана тарбиялык өзгөчөлүктөрүн көрсөтөт. Бешикке салуу, ат коюу, сүннөт той сыяктуу жөрөлгөлөр аркылуу балага коомдук жоопкерчилик, улууларды урматтоо, ыйман, уят, намыс сыяктуу сапаттар сиңириле турганы мисалдар менен негизделген. Макалада ошондой эле глобалдашуу шартында улуттук тарбия системаларын сактап калуу жана заманбап коомго ылайыкташтыруу маселелери да каралат. Изилдөөнүн жыйынтыгында элдик салттар баланы инсан катары тарбиялоонун маанилүү фактору экени белгиленип, тарбиялык дөөлөттөрдү азыркы шартта колдонуу сунуштары берилет.
Библиографиялык шилтемелер
Абдимиталип уулу, Н. (2022). “Обычаи, связанные с рождением ребенка у средневековых караханидов и современных кыргызов”. Вестник Ошского государственного университета, (3), 126–132. https://doi.org/10.52754/16947452_2022_3_126
Асаналиева, Г. (2019). Кыргыз элинин каада-салттары жана тарбиялык мааниси. Бишкек: Эл аралык илимий басмакана.
Дастанбек кызы, К., Мурзакметов, А. (2023). “Кыргыз макал-лакаптарында педагогикалык ойлордун берилиши”. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, (1(1), 30–37. https://doi.org/10.52754/16948874_2023_1(1)_4
Джоошбекова, З.Р (2024). Болочок мугалимдерди көп маданияттуулукка тарбиялоонун педагогикалык шарттары (кыргыз-өзбек каада-салттарынын мисалында). Диссертация. Бишкек.
Исаев, А., Курбанов, Х. (2021). “Кыргыз жана өзбек элдик тарбиясынын салыштырма анализи”. Педагогика жана коом журналы, (3), 14–2.
Каада-салттар. Ак баталар (2003) [түз.: А. Акматалиев, К. Кырбашев, М. Өмүрбай уулу, Ө. Шаршеналиев]. Бишкек: Шам. ( Эл адабияты сер. ).
Мамыров, Т. (2017). Этнопедагогиканын негиздери. Бишкек: Академия.
Мурзакметов, А. К. (2015). Кыргыз-өзбек этномаданий жалпылыктары. Ош: Кагаз ресурстары.
Сарсенбаев, Н. С. (1974). Обычаи, традиции и общественная жизнь. Алма-Ата: Казахстан.
Сулайманова, Ш. Юнусов. (2018). Кыргыз жана өзбек элдик макал-лакаптар жыйнагы. (Ред. Ж.). Бишкек–Ташкент.
Суханов, И. В. (1976). Обычаи, традиции и преемственность поколений. М.: Полит. лит.
Снесарев, Т. П. (1969) Реликты домусульманских верований и обрядов узбеков Хорезма. М.: Наука.
Стефаненко, Т.Г. (2009). Этнопсихология. М.
Турсунов, У. (2020). Ўзбек халқ педагогикасида маънавий тарбия масалалари. Ташкент: Маориф.
Херсковиц, М. (2007). Инкультурация индивидов. Москва.


