БИРИНЧИ ТАРТИПТЕГИ СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН СЫЗЫКТУУ ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕНИН ЧЕЧИМИНИН АСИМПТОТИКАСЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16947452_2022_1_5Ачкыч сөздөр:
теңдеме, чектелбеген аймак, баштапкы шарт, ашуу чекити, чечим, асимптотикалык бааАннотация
Бул жумушта сингулярдык козголгон сызыктуу дифференциалдык теңдеме каралган. Туруктуулук шарты бузулган учурдагы теңдемелерди изилдөө боюнча жүргүзүлгөн дээрлик бардык эмгектерде аралыктын учтарын туташтырган деңгээл сызыктын бутактары (кесилишүүчү) жашаган учурлар каралган. Бул учурларда чексиз областтарда кароонун зарылдыгы болгон эмес. Каралып жаткан кесиндинин оң жак учун туташтыруучу деңгээл сызыктар чексиз алыстатылган чекитте кесилишет, бул чекит чексиз тартиптеги ашуу чекити болот. Чечимге кесиндинин оң жак учуна жакын чекиттерде асимптотикалык баалоону алуу үчүн чексиз областтарды кароого туура келет. Маселе интегралдык теңдемеге келтирип, удаалаш жакындашуулар методунун жардамында чыгарылган.
Библиографиялык шилтемелер
Акматов, А.А. Исследование решений синглярно возмущенной задачи [Текст] / А.А. Акматов - Вестник ОшГУ. Ош,2021.
Алыбаев, К.С. Метод линия уровня исследования сингулярно возмущенных уравнений при нарушении условия устойчивости[Текст] / К.С. Алыбаев - Дисс. … д-ра физ. - мат. наук: 01.01.02. - Бишкек, 2001.
Каримов, С.К. Равномерное приближение решения сингулярно возмущенной задачи в особо критическом случае[Текст] / С.К. Каримов - Ош, 2019
Каримов, С. Асимптотические оценки решений сингулярно возмущенной системы дифференциальных уравнений в особо критическом случае[Текст] / С. Каримов, А.А. Абдилазизова.// Наука и новые технологии. Бишкек, 2019, № 6.
Каримов, С. Асимптотическое разложение решений сингулярно возмущенной системы дифференциальных уравнений в случае смены устойчивости[Текст] / С. Каримов, А.А. Абдилазизова.// Москва, 2007. №4.