“МАНАС” ЭПОСУН ОКУТУУДА КЕПТИН МОНОЛОГДУК ТҮРҮ МЕНЕН ИШТӨӨ

Авторлор

  • Курманкан Абдиева “Брайт” Эл аралык мектеби

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2024_3_10

Ачкыч сөздөр:

монологдук кеп, оозеки кеп, маек кеп, доклад, эпостун тексти, натыйжалуу, питчинг, заманбап көндүм

Аннотация

Макалада “Манас” эпосунун материалында оозеки кептин монологдук түрү менен иш алып баруунун натыйжалуу методикалык ыкмалары берилген. Диалогдук кептин негизинде калыптанган монолог кеби – окуучудан эпостун тексти боюнча тереӊ билимди, билгичтиктерди жана оозеки сүйлөөнүн көндүмдөрүн талап кылган кептин татаал түрү болуп саналат. Автор монологдук кептин репродуктивдүү түрү болгон кайра айтып берүүдөн кийинки продуктивдүү түрүнө – докладга кеӊири токтолгон. Докладдын маалыматтык, изилдөөчүлүк, проблемалуу – талаштуу түрлөрүн талдап жана эпостун мазмуну боюнча мисалдарды келтирген. Айрыкча, талаштуу маселеге карата ар түрдүү позицияларды карап чыгып, алардын күчтүү жана ката жактарын реалдуу талдап, ага карата өз көз карашын иштеп чыгууга үйрөтүү сыяктуу мугалимдин татаал иши докладдын проблемалуу түрүнө даярдоодо ачык көрүнөт. Негизинен, окуучунун эпостун кыргыз тилинин байлыгын түзгөн көркөм сөз каражаттарын өздөштүрүп, аларды учурдун талабына шайкеш келген иш формасында колдоно билүүсү зарыл. Автор эпостун тексти боюнча окуучуларды докладдын түрлөрүн даярдоо менен машыктыруу ыкмасы угуучуларды өз ойлору, идеялары менен оозеки кеп аркылуу ишендирүү, таасир бере алуу сыяктуу заманбап көндүмүн калыптандырат деп белгилеген.

Библиографиялык шилтемелер

Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү: Мектеп окуучулары үчүн. Түз.:Ж.Шериев, А.Муратов.-Б.:КЭнин Башкы ред.,1994.-160 б.

Абдиева Ж.К. “Манас” эпосу - элдик педагогика жана билим берүүнүн булагы катары // Вестник Ошского государственного университета. 2021. Vol. 2, No. 3. бб. 114-122. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_3_114. EDN: RSQEKZ. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_2_3_114

Ашым Жакыпбек. Теңири Манас.-Б.,1995.- 298 б.

Ахмедова Х. Развитие устной речи как необходимое условие работы над речевой деятельностью обучающихся. М., 2021. -328 с.

Байгазиев С.О.Улутубуздун уӊгулуу нарктары.Б., “Алтын тамга”,2023.- 387 б.

Кубанычбек кызы А. “Манас” эпосунда көчмөн турмуштун сүрөттөлүшү // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология. 2023. No. 2(2). бб. 41-48. DOI: 10.52754/16948874_2023_2(2)_5. EDN: UIVPTC. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874_2023_2(2)_5

Кыргыз өзөгү. Түз.Бакчиев Т.ж.б. Б., 2012. -212 б.

Ладыженская Т.А. Живое слово. Устная речь как средство и предмет обучения. М., “Просвешение”. 1986.

Токтогазиев Т.Ш. Айкөл Манас – тарыхый инсан. Алтайдагы, Ала – Тоодогу, Бээжиндеги издер. Б., 2013. -358 б.

Улуу “Манас” жана анын фальсификаторлору.Түз. С.Алахан ж.б Б., 2013. – 358 б.

Фрумкин К.Г. Глобальные изменения в мышлении и судьба текстовой культуры // Ineternum - 2010-Т1.-с. 26 -36.

Юсупова Р.О., Кочкорова Д.А. “Манас” эпосундагы кыймыл, мейкиндик жана убакыттын интерпретацияланышы // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология. 2023. No. 1(1). бб. 33-41. DOI: 10.52754/16948823_2023_1(1)_5. EDN: FZOACK. DOI: https://doi.org/10.52754/16948823_2023_1(1)_5

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-09-25

Кандай шилтеме берүү керек

Абдиева , К. (2024). “МАНАС” ЭПОСУН ОКУТУУДА КЕПТИН МОНОЛОГДУК ТҮРҮ МЕНЕН ИШТӨӨ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (3), 107–115. https://doi.org/10.52754/16948610_2024_3_10

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ФИЛОЛОГИЯ