МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ООЗЕКИ ЭСЕПТӨӨ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ЫКМАЛАРЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2024_2_28Ачкыч сөздөр:
оозеки эсептөө, мисалдар, чыгармачыл тапшырмалар, турмуштук жагдайлар, акыл эмгегинин гимнастикасыАннотация
Макалада математика сабагында окуучулардын оозеки эсептөө көндүмдөрүн калыптандыруунун ыкмалары каралат. Негизги мектепте оозеки эсептөөлөрдү жүргүзүү окуучулардын математикалык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Оозеки эсептөөлөр логикалык ой жүгүртүүнү, сандарды тез эсептөө жана тапкычтык жөндөмүн өркүндөтөт. Оозеки эсептөө көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн математика сабагында окуучулар менен системалуу иш жүргүзүү зарыл. Окуучулардын эсептөө көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн математиканы үйрөнүүгө түрткү берүүчү оюн жана интерактивдүү ыкмаларды колдонуу маанилүү. Ошондой эле, ар бир окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана оозеки эсептөөлөрдү практикасында жетиштүү колдонуусу үчүн убакыт жана мүмкүнчүлүк берүү маанилүү. Негизги мектептин окуучуларынын оозеки эсептөөлөрүн калыптандыруу аларга математикалык маселелерди оңой жана тез чечүүгө, базар экономикасына даяр болууга мүмкүндүк берет, бул алардын окуудагы жана келечектеги ийгиликтерине оң таасирин тийгизет. Учурда көпчүлүк окуучулар оозеки эсептөөлөрдү жүргүзүүдө кыйналышып, калькуляторду колдонушат. Окуу китептеринде оозеки эсептөөнүн ыкмалары жокко эсе. Кээде турмушта, практикада, жана башка мезгилдерде калькуляторду колдонбой эсептөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат. Мындай учурда оозеки тез эсептөө көндүмүнө жана машыгууга ээ болуу зарылдыгы жаралат. Математикалык мисалдар жана чыгармачыл тапшырмалар аркылуу окуучулардын оозеки тез эсептөө көндүмдөрүн калыптандырууга болот.
Библиографиялык шилтемелер
Бабенко Н. А. О применении устного счета на уроках математики/Н.А. Бабенко // Молодой ученый. – 2012. – №1. Т.2. – С. 62-64.
Дорохова Н.В. Устный счет как неотъемлемая часть в структуре урока математики/Н.В. Дорохова//Вопросы педагогики. – 2018. – №3. – С. 28-30.
Дремова Н.И. Нужен ли устный счет на уроках математики/Н. И. Дремова //Математика в школе. – 2010. – №8. – С. 27-29.
Зулпукарова, Д.И., Э.А. Аркалыкова. "Математика боюнча өз алдынча иштер – окутуунун каражаты катары". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы 3-4 (2016): 92-96-б.
Как быстро считать в уме: приемы устного счета больших чисел подробнее: https://zaochnik.ru/blog/kak-bystro-schitat-v-ume-priemy-ustnogo-scheta-bolshix-chisel/ (Дата обращения: 14.03.2024).
Крючкова С.Н. Актуальность устного счета на уроках математики/С. Н. Крючкова//Евразийский народный журнал. – 2016. – № 10. – 126 с.
Львова, Н.В. Об устном счете замолвлю я слово / Н.В. Львова. – Текст: непосредственный // Математика в школе. – 2013. – №7. – С. 8-13.
Макеев, А. К. Математиканы окутууда прикладдык жана практикалык мүнөздөгү маселелердин ролу / А. К. Макеев, А. Д. Жунусакунова // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 4. – P. 318-324. – DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_318. – EDN: PFRZYC. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_2_4_318
Мулюкова А.В. Устный счет как один из видов учебной деятельности на уроках математики/А.В. Мулюкова//Актуальные проблемы математических и технических наук. –2017. – с. 210-212.
Татарченко Т.Д. Способы быстрого счета на занятиях кружка, «Математика в школе», – 2008. – №7. – стр. 68.
Трошин В.В. Магия чисел и фигур [Текст]: Занимат. материалы по математике – М.: Глобус. – 2007. – 382 с.
Щеголева Т.Н. Устный счет на уроках математики как средство активизации познавательной активности учащихся/Щеголева Т.Н., Пермякова Н.В.//Новые направления и концепции в современной науке. – 2016. – С. 122-123.