БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕП ЖАШЫНДАГЫ БАЛДАР ҮЧҮН ЖАРАТЫЛЫШ ОЮНДАРЫНЫН МААНИСИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_4_7Ачкыч сөздөр:
Кенже мектеп курагындагы балдар үчүн оюндар, жаратылыш оюндары, оюндар менен өнүктүрүүАннотация
Бул макалада кенже мектеп курагындагы балдар үчүн жаратылыш оюндарынын мааниси талдоого алынган. Жаратылыш оюндары балдарга айлана-чөйрөнү изилдөөгө, эксперимент жасоого, фантазиясын колдонууга жана жаңы жагдайларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Балдар жаратылышта ойногондо ар кандай тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга туш болушат, алар көйгөйлөрдү чечүү үчүн чыгармачылык стратегияларды колдонууну талап кылат. Макалада жаратылыштагы оюн иш-аракеттери балдардын когнитивдик, жүрүм-турумдук жана социалдык-аффективдүү өнүгүүсүнө кандай салым кошоору талкууланат. Бул жаңы идеяларды жаратуу, инновациялык чечимдерди табуу, ийкемдүү ой жүгүртүү жана көйгөйлөрдү чечүүдө ар кандай ыкмаларды сынап көрүү жөндөмүн камтыйт. Жаратылыш чөйрөсү ошондой эле балдардын фантазиясын жана ар кандай предметтердин жана кубулуштардын ортосундагы байланыштарды жана мамилелерди көрө билүүсүнө түрткү берет. Макалада ошондой эле педагогдор жана ата-энелер мектеп жашындагы балдардын сыртта ойноо менен өнүгүүсүн колдоо үчүн колдоно ала турган ыкмалар жана стратегиялар каралат. Бул оюн үчүн структуралаштырылган чөйрөнү түзүү, эркин изилдөөгө дем берүү, балдардын демилгесин колдоо жана көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүктөрдү камтышы мүмкүн. Дегеле илимий макалада мектеп жашындагы балдар үчүн жаратылыш оюндарынын, иш-аракеттердин маанисине басым жасалган. Ал критикалык ой жүгүртүүнү, чечкиндүүлүктү жана инновациялык ой жүгүртүү жөндөмүн калыптандырууга өбөлгө түзөт,
бул балдардын өнүгүүсүндө жана окуусунда маанилүү фактор болуп саналат. Мектеп курагындагы 1-4-класстардын окуучулары үчүн негизги жүрүм турум жана айлана чөйрө эрежелерин табийгый атмосферада үйрөтүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ десек орундуу болот. Жаратылыш оюндары менен мектеп курамы балдардын, жаратылыш менен болгон тыгыз байланышын калыптандырсак болот. Бул учурда ушул жаш курамы балдарда, жаратылыш тууралуу алгачкы философиялык түшүнүктөр пайда боло баштайт.
Библиографиялык шилтемелер
Oktay, A., (1987) Okul Öncesi Dönemde Çocuğun Temel Uğraşı Oyun, Pembe Bağcık Dergisi, 4, 8-10.
Onur B., (1992) TARİH BOYUNCA OYUNLAR VE OYUNCAKLAR, Ankara University DOI: https://doi.org/10.1501/Egifak_0000000594
Paslı, Ayşe, Merve., (2019, s.43,45) ‘DOĞAL ÇEVRE, KENT VE ÇOCUK İLİŞKİSİNİ YENİDEN KURMAK İSKANDİNAVYA DA DOĞA TEMELLİ EĞİTİM VE İSVEÇ ORMAN OKULU ÖRNEĞİ’ İstanbul Şehir Üniversitesi, Sosyal Bilimler Enstitüsü, Şehir Çalışmaları Anabilim Dalı (Disiplinlerarası) Türkiye
Işılak, H., Durmuş, A., (2004) Eğitici Oyun Yöntemi, Kara Tahtayı Aşmak, Öğrenci Merkezli Öğretmenlik Eğitim Serisi, İstanbul, Kaknüs Yayınları.
Yalçın, İ. & Acar, N. V., (2006). Candan Erçetin'in Seslendirdiği Şarkıların Gestalt Terapi Açısından Değerlendirilmesi. Dokuz Eylül Üniversitesi Buca Eğitim Fakültesi Dergisi, (20), (https://dergipark.org.tr/tr/pub/deubefd/issue/25440/268423)
Dönmez- Baykoç, N., (1992) Oyun Kitabı, Esin Yayınevi, İstanbul.
Hacıhaliloğlu, Ö. (2007) Eski Mısır’ın Senet Oyunu Satrancın Bilinen İlk Atası Mı .
Gazezoğlu, Ö. (2007) Okul Öncesi Eğitim Kurumlarına Devam Eden 6 Yaş Çocuklarına
Atlı, S. (2013) Türkiye’de ve Avrupa Birliği Ülkelerinde Uygulanan Okul Öncesi Eğitim Programları, Eğitimde Politika Analizi Dergisi.
Yazgan, Y. (2021) “Doğa, çocuğu geliştirici oyun alanıdır” (http://www.yankiyazgan.com/doga-cocugu-gelistirici-oyun-alanidir/)
Milli Eğitim Bakanlığı, (2007b) Oyun Etkinliği- I. Mesleki Eğitim ve Öğretim Sisteminin Güçlendirilmesi Projesi, Ankara.
Үкүева, Б. (2023). Речь младших школьников и особенности ее развития. Вестник Ошского государственного университета, (1), 97-108. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_12. EDN: MGOMHC. DOI: https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_12
Рахманали кызы, А., & Батыралиев, А. (2022). Балдарды тарбиялоодогу үй-бүлөнүн жана мектептин кызматташтыгы. Вестник Ошского государственного университета. Педагогика. Психология, 1(1), 17-22. EDN: CLATIT. Retrieved from https://journal.oshsu.kg/index.php/ped-psych/article/view/376