ИМИДАЗОЛ КОМПЛЕКСТЕРИНИН КОЗУ КАРЫН ИНФЕКЦИЯЛАРЫН ДАРЫЛООДО КОЛДОНУЛУШУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_2_9%20Ачкыч сөздөр:
имидазол, имидазол комплекстери, грибоктук инфекциялар, микоздор, антимикотикалык каражаттарАннотация
Маанилүүлүк. Козу карын инфекциялары заманбап клиникалык медицинада актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат, бул алардын кеңири таралышы, өнөкөт өтүшү жана козгогучтардын салттуу антимикотикалык препараттарга туруктуулугунун өсүшү менен байланыштуу. Өзгөчө мааниге ээ болгон беттик жана системдик микоздор Candida, Aspergillus жана Trichophyton тукумундагы дерматофиттер, ачыткы жана көгөрмө козу карындар тарабынан козголот. Ушуга байланыштуу жаңы, натыйжалуу жана коопсуз грибокко каршы каражаттарды издөө фармакологиянын жана медициналык химиянын артыкчылыктуу багыты бойдон калууда. Макаланын максаты болуп грибоктук инфекцияларды дарылоодо имидазол катарындагы комплекстерди колдонууга байланышкан илимий басылмаларды талдоо, ошондой эле алардын фармакологиялык активдүүлүгүн, таасир этүү механизмин жана клиникалык колдонуу перспективаларын баалоо болуп саналат. Дерматомикозду дарылоодо колдонулган айрым имидазол препараттарынын терапиялык таасирлери боюнча салыштырма талдоолор жүргүзүлдү. Ошондой эле 2019–2023-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологиялык маалыматтарынын негизинде региондор боюнча дерматомикоз оорусунун таралышы салыштырылды. Имидазол кошулмалары, анын ичинде кетоконазол, клотримазол, миконазол жана башка туундулар, грибок клеткасынын мембранасынын негизги компоненти болгон эргостеролдун синтезин басаңдатуу аркылуу күчтүү фунгистатикалык жана фунгициддик таасирге ээ. Эргостерол биосинтезинин бузулушу мембрананын өткөрүмдүүлүгүнүн өзгөрүшүнө жана грибок клеткасынын өлүшүнө алып келет. Макалада ошондой эле дерматомикоз, былжырлуу кабыкчалардын кандидозу жана системалуу грибоктук инфекцияларды дарылоодо имидазол комплекстеринин натыйжалуулугун тастыктаган заманбап эксперименттик жана клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтары талданат. Имидазол комплекстерин колдонуу заманбап антимикотикалык каражаттарды иштеп чыгууда келечектүү багыт болуп саналат жана кошумча тереңдетилген изилдөөнү жана клиникалык апробацияны талап кылат.
Библиографиялык шилтемелер
Адаскевич, В. П. (2007). Противогрибковые лекарственные средства в дерматологии. Вестник фармации, (2), 80–91.
Аймолдина, А. А., Батпенова, Г. Р., Алгазина, Т. О., Котлярова, Т. В., Амантаев, Д. М., Киян, В. С. (2023). Распространенность дерматофитий и их влияние на качество жизни пациентов в мире. Наука и здравоохранение, 25(4), 246–257. https://doi.org/10.34689/SH.2023.25.4.030
Новикова, В. В. (2020). Поиск новых антимикотических средств: основные тенденции и проблемы. Человек и его здоровье, (1), 75–81.
Bartalucci, C., Vena, A., Giacobbe, D. R., & Bassetti, M. (2025). Clinical impact of fluconazole-resistant Candida parapsilosis: a narrative review. Future microbiology, 20(13), 903–912. https://doi.org/10.1080/17460913.2025.2544443
Cerqueira, F., Maia, M., Gabriel, C., Medeiros, R., Cravo, S., Ribeiro, A. I., Dantas, D., Dias, A. M., Saraiva, L., Raimundo, L., & Pinto, E. (2021). Mechanism of antifungal activity by 5-aminoimidazole-4-carbohydrazonamide derivatives against Candida albicans and Candida krusei. Antibiotics, 10(2), 183. https://doi.org/10.3390/antibiotics10020
Elias, R., Basu, P., & Fridman, M. (2022). Fluconazole-COX Inhibitor Hybrids: A Dual-Acting Class of Antifungal Azoles. Journal of medicinal chemistry, 65(3), 2361–2373. https://doi.org/10.1021/acs.jmedchem.1c01807
Fisher, M. C., Alastruey-Izquierdo, A., Berman, J., Bicanic, T., Bignell, E. M., Bowyer, P., Bromley, M., Brüggemann, R., Garber, G., Cornely, O. A., Gurr, S. J., Harrison, T. S., Kuijper, E., Rhodes, J., Sheppard, D. C., Warris, A., White, P. L., Xu, J., Zwaan, B., & Verweij, P. E. (2022). Tackling the emerging threat of antifungal resistance to human health. Nature Reviews Microbiology, 20(9), 557–571. https://doi.org/10.1038/s41579-022-00720-1
Kaldybayeva, A. B., Praliyev, K. D., Sergazy, A., Malmakova, A. Y., & Yu, V. K. (2023). Potential of imidazole-containing derivatives for practical application (Review). Химический журнал Казахстана, (2(82)), 58–78. https://doi.org/10.51580/2023-2.2710-1185.14
Lee, Y., Robbins, N., & Cowen, L. E. (2023). Molecular mechanisms governing antifungal drug resistance. npj Antimicrobial Resistance, 1, 5. https://doi.org/10.1038/s44259-023-00007-2
Liu, S., Hou, Y., Chen, X., Gao, Y., Li, H., & Sun, S. (2014). Combination of fluconazole with non-antifungal agents: a promising approach to cope with resistant Candida albicans infections and insight into new antifungal agent discovery. International journal of antimicrobial agents, 43(5), 395–402. https://doi.org/10.1016/j.ijantimicag.2013.12.009
Patel, P., & Zito, P. M. (2025). Antifungal agents. In StatPearls. StatPearls Publishing. https://www.ncbi.nlm.nih.gov/books/NBK538168/
Samtsov, A. V., Khairutdinov, V., & Gorbunov, Y. G. (2025). The effectiveness of antifungal drugs in dermatomycosis: A systematic review with network analysis. Vestnik dermatologii i venerologii, 101(6), 36–45. https://doi.org/10.25208/vdv16935
Sheehan, D. J., Hitchcock, C. A., & Sibley, C. M. (1999). Current and emerging azole antifungal agents. Clinical Microbiology Reviews, 12(1), 40–79. https://doi.org/10.1128/CMR.12.1.40




