ВИДЕОНУН АЗЫРКЫ ОКУТУУ ЖАРАЯНЫНДА КОЛДОНУЛУШУ ЖАНА КЕҢИРИ ТАРКАЛГАН СТАНДАРТТАРЫ
Ачкыч сөздөр:
видеооңдоо, видеохостинг, портал, сайт, тиркеме, видеосабак, YoutubeАннотация
Учурда кандай коомдо болбосун окутуунун заманбап, эң натыйжалуу усулдарын издөө, колдонуу, сунуштоо актуалдуу багыт катары каралууда. Албетте, башка тармактардагыдай эле карама-каршы ойлор, сунуштар бар. Бул макалада жалпы коом кайсыл бир деңгээлде видео маалыматтардын “курчоосунда” калдык деген оюна каршы дагы жаңы видео маалыматтарды даярдоо, таркатуу багытында сөз болот. Эгерде, даяр видеомаалыматтарды окутуу жараянында пайдаланууда өтө кылдат болсок, зарыл учурларда өзүбүз видеосабактарды жаздырсак же жазылгандарды оңдоп пайдалансак, сабакты баштан-аяк видео көрүү менен өткөрүп жибербесек, анда, алгылыктуу натыйжаларга жетүүгө болот деген көз карашты айткыбыз келди. Албетте, ар бир мугалимдин иш тажрыйбасынан, педагогика, психология илимдериндеги негизги багыттамаларды канчалык деңгээлде колдоно алуусунан бардык жараян толук көз каранды. Интернет айдыңында каалагандай видео ар бир колдонуучу үчүн жеткиликтүү болуп турган учурда окуучуларды кыска видеоролик менен “таң калтыруу” мүмкүнбү деген суроого ар тараптан жооп берүүгө далалат кылдык.
Библиографиялык шилтемелер
Крапивенко А. В. Технологии мультимедиа и восприятие ощущений: учебное пособие. — Москва: БИНОМ. Лаборатория знаний, 2009. — 272 с.
Видеообучение [Электронный ресурс] // Википедия: свободная энциклопедия. URL: https://ru.wikipedia.org/wiki/Видеообучение (Дата обращения: 14.01.2017).
Сайт Khan Academy [Электронный ресурс]. Режим доступа: https://www.khanacademy.org/.
Лавров В.А. Тестирование программных продуктов с использованием технологии FlashBack // Материалы VIII Всеросс. научн.-практ. конф. «Научное творчество молодежи». Томск: Изд-во Том. ун-та, 2004. 4.1. С. 46−47. 4.
Valeri Lavrov. Screen recording system for the windows desktop // 8th Korea−Russia international symposium on science and technology. PROCEEDINGS. KORUS. 2004. Vol. 1. P. 107−109.
Лавров В.А. Векторно-растровый формат хранения видеоизображений // Обработка данных и управление в сложных системах. Вып. 6. Томск: Изд-во Том. ун-та, 2004. С. 106−117.
Один человек, один компьютер, миллионы учеников: как Академия Хана меняет образование [Электронный ресурс]. Режим доступа: http://www.forbes.ru/tehno/intemet-i-telekommunikatsii/219529-odin-che- lovek-odin-kompyuter-milliony-uchenikov-kak-akadem.
Чалиев А.А. Видеоурок как перспективная информационная техноло¬гия обучения в вузах [Электронный ресурс] // Современные проблемы нау¬ки и образования. - 2014. - № 5. Режим доступа: www.science-education.ru/ 119-15233.