БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН МАТЕМАТИКА САБАГЫНДА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРДЫ КАЛЫПТАНДЫРУУГА КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮККӨ БАГЫТТАЛГАН МАСЕЛЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948742_1(4)_1-2024Ачкыч сөздөр:
компетенция, компетенттүүлүк мамиле, баалоо, тест, компетенттүүлүккө багытталган маселелер, ишмердүүлүк, өздөштүрүү, түшүнүү, калыптандыруу, колдонууАннотация
XXI-кылымдын башында Кыргызстан билим берүү системасынын маңызын жаңылоо жана модернизациялоо менен дүйнөлүк билим берүү процесстерине активдүү катышууну көздөп, өз позициясын күчтөндүрүүгө жана кеңейтүүгө басым жасай баштады. Мындай жаңы системанын негизги айырмачылыгы катары билим берүү борбору окуучуга тарапка көбүрөөк ыкталат дагы, башкы натыйжа катары окуу процессинин жүрүшүндө окуучунун ээ болгон компетенцияларын белгилөөгө болот. Мында окуу процесси компетенттүүлүк мамилеге басым жасоо менен түзүлөт, б.а. предметти өздөштүрүүдө зарыл болгон компетенцияларга ээ болушуна. Ошондуктан компетенттүүлүк мамиле - билим берүү ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн ишке ашырган мамиле, мында окуу процесси практикалык натыйжаларга багытталат. Компетенттүүлүккө багытталган маселелер (КБМ) сабакты салттуу уюштурулуусун өзгөртөт. Салттуу сабакта билим менен көндүмгө көбүрөөк маани берилет жана топтолгон билгичтиктерди практикалык ишмердүүлүктө колдонуунун көндүмүн арттырат. Ал эми компетенттүүлүккө багытталган маселелерде башкы маани окуучуларды “турмуштук” маселелерди чечүүгө үйрөтүүгө берилет. Сабактын түрдүү этаптарында компетенттүүлүктү калыптандырууга болот, б.а. ишмердүүлүктүн түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болуу, личносттук сапаттарды өнүктүрүү аркылуу жүрөт.
Библиографиялык шилтемелер
Алтыбаева, М. (2017). Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды иштеп чыгуу. Наука. Образование. Техника, 3-4(60), 54–59.
Алтыбаева, М. ж.б. (2021). Математика боюнча компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар: методикалык колдонмо.
Бекбоев, И. Б. (2004). Инсанга багытталган окутуунун технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери.
Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (2022). КР Министрлер Кабинетинин 2022 жылдын 22-июлундагы №393 токтому.
Павлова, Л. В. (2009) Познавательные компетентностные задачи как средство формирования предметно-профессиональной компетентности будущего учителя математики. Известия Российского государственного педагогического университета им. А. И. Герцена, 113, 169-174. [Электрондук ресурс]: http://lib.herzen.spb.ru/text/pavlova113%20169%20174.pdf
Тургунова, Д. М. & Бабаев М. (2022) Окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү окутуунун сапатын жогорулатуунун фактору катары. ОшМУнун Жарчысы. Педагогика. Психология, 1(1), 28-34. EDN: EEXWMU