МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДА “ОРФОГРАФИЯ” БӨЛҮМҮНҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ АЙРЫМ ТЕМАЛАРДЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДУК ЫКМАЛАР
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948874_2023_2(2)_2Ачкыч сөздөр:
мектепте билим берүү, кыргыз тили сабагы, орфография, усулдук ыкмалар, педагогикаАннотация
Мектептердеги кыргыз тили предемтин окутууда окуучулардын сабаттуу жазуу компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу аркылуу окутуунун натыйжасына жетүүдө өбөлгө боло турган усулдук ыкмаларды колдонууга карата көрсөтмөлөрдү чагылдыруудагы орду менен макала актуалдуу мүнөзгө ээ. Макаланын изилдөө предмети - “Орфография” бөлүмүнө тиешелүү болгон кыргыз орфографиясынын негизги эрежелери: “Сөздү бирге, бөлөк жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери”, “Баш тамгалар менен жазуу жана сөздөрдү ташымалдоонун эрежелери” аталыштагы темалар жана аларды окутууда колдонулуучу усулдук ыкмалар. Иликтөөнүн максаты - аталган темаларды окутууда алгылыктуу окутуунун натыйжасына жетектей турган усулдук ыкмаларды колдонуу аркылуу окуучулардын сабаттуу жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу. Изилдөө методу – педагогикалык эксперимент. Пайдаланылган усулдук ыкмалар окуучулардын кеп ишмердүүлүгүнүн төрт түрүн (окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, сүйлөө жана жазуу) калыптандырууда, сабаттуулугун арттырууда алгылыктуу натыйжа берет. Жыйынтыгында окуучу сабаттуу жазуу, өз оюн логикалык жактан так сүйлөй билүү көндүмдөрүнө ээ болуп, билимин практикада максаттуу колдоно алат.
Библиографиялык шилтемелер
Абдимиталип кызы Н. (2021). Кыргыз тили сабагында окуучулардын комуникативдик компетенттүүлүгүн өстүрүүнүн мааниси. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 3, No. 4, сс. 5-12. EDN: EEBLNN.
Карасаев, Х.К. (2015). Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү. Бишкек: Бийиктик плюс.
Кыргыз тили эне тили катары окутуунун предметтик стандарты (5-9, 10-11-класстар). (2014). Түзгөндөр: Рысбаев С., Чыманов Ж., Акматов К., Оморова А. жана Джусупбекова Н. Бишкек.
Кыргыз тилинин программасы. (2013). Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн орто мектептердин жана гимназиялардын 5-11 класстары үчүн. Бишкек.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери (2008). Бишкек: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.
Сартбаев, К.К. (1978). Кыргыз тилин окутуунун методикасы. Фрунзе: Мектеп.
Стиль, Женни, Мередис, Керт, Темпль, Чарльс. (1998). Сынчыл ойломдун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн методдор. 2-колдонмо. Бишкек: “Сорос-Кыргыстан”.
Эсенгулова, М.М., жана Асекова, Ж. (2008). Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү … (“Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү” методикасынын теориясы жана практикалык тажрыйбасы). Бишкек.