Рецензирлөө жараяны

Редакцияга жиберилген баардык макалалар көз карандысыз, эки тараптуу “сокур” рецензиядан өткөрүлөт.

  1. Журналдын редакциясына келип түшкөн илимий макаланын кол жазмасы жооптуу катчы тарабынан журналдын профилине, басылмаларга коюлган талаптардын негизги жоболоруна, техникалык талаптарына ылайыктыгы боюнча каралат (Макалага коюлган талаптар). Жооптуу катчы журналдын веб-сайтында автордун профилине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин электрондук почта аркылуу автоматтык билдирүү менен макаланын келип түшкөндүгү жана андан ары каралышы жөнүндө авторлорго маалымдайт. Эгерде жарыялоо үчүн макалага коюлган талаптар аткарылбаган болсо, макала “формалдуу негизде” жарыялоого кабыл алынбайт жана бул тууралуу авторго автоматтык түрдө билдирүү жөнөтүлөт.
  1. Жооптуу катчы макаланы кароого эки рецензентке жөнөтөт. Кол жазмаларды кароо үчүн рецензенттер катары журналдын редакциялык кеңешинин мүчөлөрү же башка уюмдардан белгилүү бир илимий чөйрөдө терең кесиптик билими жана тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу окумуштуулар жана адистер чакырылышы мүмкүн.
  2. Рецензирлөөнүн мөөнөтү ар бир жеке учурга тийешелүү шарттарга ылайык аныкталат, бирок орточо эсеп менен алганда 6 айды түзөт.
  3. Эки тараптуу “сокур рецензирлөө”: авторго рецензент/рецензенттер жөнүндө маалымат берилбейт, ошол эле учурда рецензентке автор/авторлор жөнүндө маалымат берилбейт. Авторго рецензенттин кол тамгасы, аты-жөнү, ээлеген кызматы, иштеген жери көрсөтүлбөгөн рецензия жөнөтүлөт.
  4. Эгер рецензия макаланы оңдоону жана кайрадан иштеп чыгууну сунуштаса, журналдын жооптуу катчысы макаланын жаңы вариантын даярдоодо аларды эске алуу сунушу менен рецензиянын текстин авторго жөнөтөт.
  5. Кайрадан иштеп чыгуу үчүн авторго жөнөтүлгөн макала бир айдын ичинде түзөтүлгөн түрдө кайтарылууга тийиш. Автор тарабынан түзөтүлгөн (оңдолгон) макала кайрадан рецензирлөөгө жөнөтүлөт. Редакцияга келип түшкөн күн болуп түзөтүлгөн макаланын кайра кайтарылган күнү эсептелет.
  6. Автор редакциянын сунуштарын аткара албаган же аткаргысы келбеген болсо, редакция макалаларды четтөө укугун колдонот.
  7. Эки рецензенттин жана жооптуу редактордун оң корутундусун алган кол жазма басмага кабыл алынган тартибине (дата) ылайык «Ош мамлекеттик университетинин жарчысы» журналына жарыялоого сунушталат. Редакциялык коллегия тарабынан жактырылган кол жазмалар журналдын санын түзүү үчүн жооптуу катчыга өткөрүп берилет.
  8. Эгер рецензенттердин бири кол жазма боюнча оң корутунду берип, экинчиси терс корутунду берсе, анда кол жазма илимий редактор тарабынан үчүнчү рецензентке же ушул тема боюнча адис болуп саналган редколлегия мүчөсүнө жөнөтүлөт. Үчүнчү рецензент же редколлегия мүчөсү оң корутунду берген учурда, кол жазманы басып чыгарууга кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди «Ош мамлекеттик университетинин жарчысынын» илимий редактору кабыл алат.
  9. Эки терс корутунду алган учурда, кол жазманы журналга жарыялоодон баш тартылат.
  10. Рецензенттер тарабынан жарыялоодон четтетилген макала кайрадан кароого кабыл алынбайт.
  11. Төмөндөгүдөй учурларда журналда жарыяланууга жол берилбейт:
  • мурда жарыяланган материалдарды камтыган макалалар;
  • макалага коюлган талаптарды аткарбаган макалалар;
  • редакциянын макаланы техникалык жана мазмундук жактан кайра карап чыгуу туурасындагы талаптарын аткарбаган авторлордун макалалары;
  • авторлору рецензенттин конструктивдүү сын-пикирлерин аткарбаган же аларды негиздүү түрдө жокко чыгарбаган макалалар;
  • жыйынтыктала элек изилдөөлөрдүн айрым этаптарын чагылдырган макалалар сериясы.
  1. Журналдын редколлегиясынын макаланы жарыялоого уруксат берүү жөнүндөгү чечими чыккандан кийин журналдын жооптуу катчысы бул тууралуу авторго автоматтык билдирүү аркылуу маалымат берет жана жарыялоонун болжолдуу мөөнөттөрүн кабарлайт.
  2. Макалаларды жарыялоонун тартиби алардын редакцияга келип түшкөн каттоо датасы менен аныкталат. Илимдин өзгөчө актуалдуу проблемаларына арналган, ошондой эле принципиалдуу жаңы маалыматтарды камтыган эмгектер редакциянын чечими менен кезексиз жарыяланышы мүмкүн.
  3. Редакция авторлор менен макалаларды мазмундуу талкуулабайт, илимий макалаларды жазуунун методикалары туурасында сүйлөшпөйт, келип түшкөн макалаларды талап кылынган илимий-методикалык деңгээлге жеткирүү менен алек болбойт.