Журналдын саясаты

Редакциялык саясаттын негизги принциптери

Басылмага шилтеме берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, автордун жана журналдын цитаталоо индексин жогорулатуу максатында, журналга макала жөнөткөн автор ушуну менен аны журналга жарыялоого, журналдын интернет сайтына ачык негизде жайгаштырууга жана макаланын текстин (анын ичинде шилтемелер, библиографиялык маалымат ж.б.) берүүгө макулдугун билдирет.

Макалаларда келтирилген фактылык материалдар жана маалыматтар үчүн авторлор жооптуу.

Журналга жайгаштырылган материалдар авторлордун жеке көз карашын чагылдырат, ал редакциянын көз карашынан айырмаланышы мүмкүн.

Материалдарды жарыялоо же четтөө жөнүндөгү чечимди редакциялык коллегия, акыркы чечимди журналдын башкы редактору кабыл алат.

Макала жарыялаган авторлорго гонорар берилбейт.

Редакция вправе отклонить ненадлежащим образом оформленные либо не относящиеся к тематике журнала материалы. Основанием для отказа может послужить отрицательная рецензия на представляемый материал, несоблюдение автором материала действующего законодательства об авторском праве и смежных правах.

Редакция макалага коюлган талаптарды так аткарбаган же журналдын темаларына тиешеси жок материалдарды четтөөгө укуктуу. Берилген материалды четтөөгө анын терс рецензия алуусу, автордун автордук укук жөнүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы негиз болушу мүмкүн.

Редакция четтелген материалдардын авторлору менен талкуу же тартышууга кирбейт.

Редакция кол жазманы кыскартууга жана редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Кол жазмалар кайтарылбайт.

Редакцияга келип түшкөн макалаларды жарыялоо боюнча чечимди кабыл алуу журналдын редакциясына жүктөлөт. Жарыялоо чечими макаланын актуалдуулугуна, илимий жаңылыгына, ишенимдүүлүгүнө жана практикалык маанисине негизделет.

Рецензенттерге карата конфиденциалдуулук, объективдүүлүк, ачык-айкындуулук жана өз пикирин негиздүү билдирүү талаптары коюлат.

Журналга жарыялоо үчүн өз макалаларын жөнөткөн авторлордон төмөнкү принциптердин сакталышы күтүлөт:

  • изилдөө темасынын актуалдуулугу,
  • изилдөөнүн илимий жаңылыгы,
  • илимий корутундулардын негиздүүлүгү жана ишенимдүүлүгү,
  • изилдөө натыйжаларынын практикалык мааниси,
  • колдонулган эмгектерге библиографиялык шилтемелердин болушу;
  • макалада келтирилген натыйжаларга же корутундуларга байланыштуу потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусун ачык көрсөтүү.