Автордук укук жана лицензиялоо

Авторлор макалаларын журналга басып чыгаруу менен аны Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) лицензиясы менен лицензиялаган болушат.

Бул лицензиянын шарттарына ылайык, авторлор өз кол жазмаларына болгон укуктарды сактап калышат, ошол эле учурда башка адамдарга милдеттүү түрдө бул эмгектин авторун көрсөтүү жана бул журналдагы басылмага шилтеме берүү менен аларды эркин жүктөп алууга, колдонууга, кайра басып чыгарууга, өзгөртүүгө, жайылтууга же көчүрүүгө уруксат берет. Журналга шилтеме берилген соң, баардык бул иш-аракеттер үчүн авторлордун же басып чыгаруучунун уруксаты талап кылынбайт.

Бул журналга жарыялоочу авторлор төмөнкүлөргө макул болушат:

  1. Авторлор кол жазманын автордук укугун сактап калышат жана журналга Creative Commons Attribution License (CC BY-NC 4.0) шарттарына ылайык чыгарманы биринчи жолу жарыялоо укугун беришет, бул башкаларга бул чыгарманын оригиналдуу автору жана оригиналдуу басылмасына шилтемелерди милдеттүү түрдө берүү менен жайылтууга мүмкүндүк берет.
  2. Авторлор кол жазманын бул жерде жарыяланган версиясын эксклюзивдүү эмес жайылтуу боюнча өз алдынча келишимдик макулдашууларды түзүү укугун сактап калышат (мисалы, институттук репозиторийге жайгаштыруу, китепке жарыялоо, социалдык тармактарда бөлүшүү ​​ж.б.), бирок анын бул журналдагы түп нускасына шилтеме берүү шарты менен.

Кол жазманын авторлугу кол жазманы түзүүгө, идеяны калыптандырууга, макала жазууга, жыйынтыктарды чечмелөөгө түздөн-түз катышкан жана илимий жыйынтыктарды өндүрүүгө чоң салым кошкон изилдөөчүлөргө таандык болушу шарт.