КЫРГЫЗ-АТА УЛУТТУК ПАРКЫНЫН БИОКӨПТҮРДҮҮЛҮГҮН САКТООДОГУ НЕГИЗГИ КООПТУУ КЫРДААЛДАР ЖАНА НЕГАТИВДҮҮ ТААСИР ЭТҮҮЧҮ ЭКОЛОГИЯЛЫК ФАКТОРЛОР
DOI:
https://doi.org/10.52754/16947452_2022_3_52Ачкыч сөздөр:
Биологиялык көп түрдүүлүк, абиотикалык фактор, биотикалык фактор, антропогендик фактор, токойдун табигый калыбына келүүсү, рекреациялык аспектилерАннотация
Макалада “Кыргыз-Ата” улуттук жаратылыш паркынынын арча токойлору жана өсүмдүктөрүнүн ар түрдүүлүгүнүн компоненттеринин калыптанышына экологиялык факторлордун таасирлери жана башка бардык терс таасир этүүчү коркунучтары каралды. Андагы токой экосистемаларынын биокөптүрдүүлүгүнүн табигый калыбына келишине абиотикалык, биотикалык жана антропогендик факторлордун таасир этүүсүсүнө анализ жүргүзүлдү. Изилденип жаткан улуттук парктын (КАУП) токойлорунун биокөптүрүүлүгүн изилдөө жана токойлорго таасир этүүчү экологиялык факторлорго анализ жүргүзүү менен токойлорду сактоо, калыбына келтирүү, түзөө, туруктуулугун, продукттуулугун, коргоо жана рекреациялык функцияларын жогорулатуу үчүн приоритеттүү багыттагы преспективаларды тандоолор каралды. Улуттук парктын ар бир зонасында рекреациялык, токой чарбачылык жана корголуучу аспектилеринде биокөптүрдүүлүктүн көйгөйлөрү каралып, андагы түрлөрдү сактоо, калыбына келтирүү үчүн максатка ылайыктуу иш-чараларды жүргүзүү маселелери изилденди.
Библиографиялык шилтемелер
Мухамедшин К.Д. Лесоводственные и лесокультурные исследования в Кыргызстане // Национальная Академия Наук Кыргызской Республики / Институт леса и ореховодства им. проф. П.А.Гана. Б-2001.
Чуб А.В Лесные культуры, интродукция и акклиматизация в поясе арчовых лесов Кыргызстана. Б.2003.
Шукуров, Э.Дж. Комплементарность биологического разнообразия. // Проблемы изучения и сохранения биологического разнообразия. Ф.: Илим, 1990.
Шамшиев Б.Н. Экологические особенности территории Кыргыз-Атинского природного парка. / Проблемы и пути интенсификации сельскохозяйственного производства в современных условиях. Матер. междунар. научн. практ. конф. ОшГУ -1999,
Токторалиев Б.А., Шамшиев Б.Н., Токторалиев А.А. Кыргыз-Атинский национальный прирдный парк и его проблемы. // Экология, химия и технология. Сб. науч. тр. 1ч. Вып. 2, г.Ош: ОшТУ-1999,
Балдарга Кыргызстандын токой байлыктарын окутуп үйрөтүүдөгү ММКнын учурдагы ролу // Bulletin of Osh State University. – 2012. – No 3. – EDN ZUCKMF.