ОШ ОБЛУСУНДАГЫ КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮНҮН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ

Авторлор

  • Мухтар Ысмайылов Ош мамлекеттик университети
  • Мирлан Мамазаиров Ош мамлекеттик университети
  • Кубанычбек Мамарайимов

DOI:

https://doi.org/10.52754/16947452_2022_2_207

Ачкыч сөздөр:

Көркөм сүрөт өнөрү, инсан, жан дүйнө, шык – жөндөм, талант, көндүмдөр, живопись, графика, скульптура, архитектура, декоративдик колдонмо өнөр, шедевр, логикалык ой жүгүртүү, өнөр мазмуну, акыйкат, өнөр тили, чыгармачылык, чагылдыруу, сүрөткер

Аннотация

Макалада Кыргыз республикасынын көркөм сүрөт өнөрүнүн түптөлүшү, басып өткөн жолу жана анын Ош областында, деги эле түштүк аймактарда өнүгүүсүнүн тарыхы баяндалган. Кайсыл бир элдин же мамлекеттин дүйнөлүк маданияттагы жүзүн көрүү үчүн, живопись, графика, скульптура, архитектура сыяктуу көркөм сүрөт өнөрүнүн түрлөрүндөгү чыгармалар эске алына тургандыгы жана көркөм өнөрдүн аталган түрлөрүнүн ырааттуу түптөлүшү жана өнүгүшү баяндалды. Ошол эле учурда Кыргыз көркөм сүрөт өнөрү, чыгаан чыгармачыл инсандары жана алардын дүйнөлүк көркөм өнөрдөгү орду, алардын балдарга көркөм билим берүү тармагына тийгизген таасири жөнүндө бир катар илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөнү менен  маселеге белгилүү деңгээлде маани берилбей келгендиги, ушул жагынан алып караганда маселе актуалдуу экендиги айтылат.

Библиографиялык шилтемелер

А.Ромм. «Кыргыз ССРинин көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүү тарыхынын очерктери» М.; Л.:Искусство 1941 - ж.

О.Попованын «Кыргызстандын көркөм сүрөт өнөрүндөгү пейзаж» Живопись. Фрунзе: Кыргызстан 1982-ж.

Б.Будайчиев Становление и развитие киргизской живописи в период 1917-1941 гг. Автореферат диссертации канд. Искусствоведения.-Л., 1974 г.

Ысмайылов М.З. (2012). Биринчи класстын көркөм сүрөт өнөрү сабагын пландоонун болжолдуу иштелмелери: Усулдук колдонмо.Ош:44.

Эшбаев М.Э. Сүрөт искусствосу боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.Ош.1994-ж.

Интернет булагы: https://ky.m/wikipedia.org/wiki/, https://ky.m.wikipedia.org/wiki/

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2022-06-29

Кандай шилтеме берүү керек

Ысмайылов, М., Мамазаиров, М., & Мамарайимов, К. (2022). ОШ ОБЛУСУНДАГЫ КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮНҮН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (2), 207–213. https://doi.org/10.52754/16947452_2022_2_207

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ИСКУССТВО