БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЭЛЕКТРОНДУК ОКУТУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ, ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_2_16Ачкыч сөздөр:
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, дистанттык окутуу, электрондук окутуу, инновациялар, санариптик окутууАннотация
Бул макала жогорку окуу жайларындагы билим берүү системасында электрондук окутууну колдонуунун перспективаларын талдоого арналган.Изилдөөнүн негизги суроосу: “Биздин университеттин студенттери үчүн электрондук окутуу канчалык денгээлде эффективдүү?”Жыйынтыгында мугалимдердин билимин эске алуу менен электрондук окутууну колдонууну өнүктүрүүнүн маанилүү аспектилери,электрондук окутуу бардык тараптар үчүн, мугалимдер жана студенттер үчүн да билим берүү процессинде артыкчылыктарга ээ экендиги көрсөтүлгөн.Технологиянын жетишкендиктери окуу процессин жеңилдетти. Көптөгөн студенттер академиялык жана академиялык эмес окуу максаттары үчүн ар кандай электрондук окуу куралдарын жана технологияларын колдонуп жатышат. Бул сурамжылоо жогорку окуу жайларында электрондук окутууну колдонууда студенттердин натыйжалуулугун көрсөттү. Бул изилдөөнүн инструменти катары сандык метод жана анкета (онлайн анкета) колдонулат жана 192 студентке берилди. Анкета 66 студент тарабынан толтурулган жана ал жерде ар кандай электрондук окутуу же платформаларды колдонууда. Бул изилдөө электрондук окутуунун натыйжалуулугун билүү жана жогорку окуу жайларында электрондук окутууну колдонууда студенттердин жакшыруусун аныктоо максатын көздөйт. Берилген маалыматтарга таянсак, бул изилдөөнүн натыйжасы электрондук окутууну колдонуу жогорку окуу жайларында натыйжалуу болуп саналат. Электрондук окутуу натыйжалуу болгондо, ал окуу процессин жакшыртат жана студенттериге англис тилин үйротүүдө оң таасирин тийгизет. Студенттердин электрондук билим берүүгө болгон мамилеси тууралуу сурамжылоонун жыйынтыгы келтирилген. Жыйынтыктап айтканда, дистанттык окутуунун оң жана терс жактары, заманбап билим берүү процессинде онлайн компонентти колдонуунун келечеги жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат
Библиографиялык шилтемелер
Glavatsky S.T., Mikhalev A.V. (2016) Electronic learning technologies: the experience of Moscow State University named after M.V. Lomonosov [Electronic resource] // Electronic information systems. - No. 3 (10). - pp. 39–44.
URL: https://istina.msu.ru/publications/article/28496809( date of access: 15.06.2018).
Krasnova, T. I. (2015) A look at electronic learning through the prism of education transformation / T. I. Krasnova. - Text: direct // Young scientist. - No. 11 (91). - S. 1368-1371. — URL: https://moluch.ru/archive/91/19650/ (date of access: 04/04/2023).
Lapchik M. P. (2014) On the development of regulatory and legal foundations of distance education in Russia // Bulletin of RUDN, Digitalization of education series. - No. 4. pp. 100-113.
Satunina A. E. (2006) Electronic learning: pros and cons // Modern problems of science and education. - No.1 --pp. 89-90
Zifa Annisa Nim. (2021) Effectiveness of electronic learning in higher education institutions. pp.35-36