ПАПАН ЖАНА НАЙМАН СУУ САКТАГЫЧТАРЫНЫН ПЛАНКТОНДУК РАК СЫМАЛДАРЫНЫН (CRUSTACEA: CLADOCERA, COPEPODA) ТАКСОНОМИЯЛЫК ЖАНА САНДЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНҮН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2026_2_11%20Ачкыч сөздөр:
Папан суу сактагычы, Найман суу сактагычы, зоопланктон, рак сымалдар, CladoceraАннотация
Маанилүүлүк. Макалада Түштүк Кыргызстандын стратегиялык мааниге ээ болгон Папан жана Найман суу сактагычтарынын планктондук рак сымалдарынын таксономиялык курамы, биогеографиялык өзгөчөлүктөрү жана сандык динамикасы талданды. Изилдөөнүн жүрүшүндө рак сымалдардын 29 түрү жана түр ичиндеги формалары катталып, алардын арасында Cladocera (52%) жана Copepoda (41%) топтору үстөмдүк кылаары аныкталды. Жаккард индексинин негизинде эки суу сактагычтын фаунистикалык окшоштугу төмөн деңгээлде экендиги (K=0,30) белгиленди. Зоопланктондун сезондук өзгөрүүлөрү, гидрологиялык режимдин таасири, антропогендик факторлор жана климаттык шарттардын ролу кеңири талдоого алынды. Изилдөөнүн жыйынтыктары аймактагы суу экосистемаларынын экологиялык абалын баалоодо жана биологиялык мониторинг жүргүзүүдө илимий негиз катары колдонулушу мүмкүн.
Библиографиялык шилтемелер
Абдымомунова, Б.А., (2019). Папан суу сактагычынын мезгилдик гидрохимиялык режиминин мүнөзүнө экологиялык факторлордун тийгизген таасири. Саламаттыкты сактоо жана табигый илимдер боюнча Түрк дүйнөсүнүн 1-Эл аралык конгресси, 124–128.
Абдымомунова, Б.А., Шамшиев, Б.Н. (2023). Папан жана Найман суу сактагычтарындагы зоопланктондун салыштырмалуу жана экологиялык мүнөздөмөсү. Евразиянын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча эл аралык конференциянын материалдары, 175–178.
Abdymomunova, B.A., Abdymomunov, I.A., Turdubaeva, G. (2024). Seasonal changes in phytoplankton composition of Nayman reservoir. E3S Web of Conferences, 537.
Geraldes, A. M., & Boavida, M. J. (2018). Limnological variations in a deep reservoir: Management implications. Hydrobiologia, 811(1), 125–139.
Ma, J., et al. (2020). Ecological succession of zooplankton community in a newly impounded reservoir. Limnologica, 82, 125776.
Sarma, S.S.S., et al. (2019). Zooplankton succession in tropical reservoirs. Hydrobiologia, 834(1), 1–15.
Sommer, U., et al. (2012). The PEG model of seasonal succession in fresh waters. Hydrobiologia, 698(1), 275–284.
Tilahun, G., et al. (2022). Water quality variations in high-altitude reservoirs. Journal of Hydrology: Regional Studies, 41, 101085.
Wojtal-Frankiewicz, A. (2023). Hydrodynamic stress and zooplankton biomass. Ecohydrology, 16(2), e2495.
Zhang, Y., et al. (2021). Chemical homeostasis in deep reservoirs. Water Research, 190, 116742.




