ТАМСИЛ ЖАНРЫНЫН КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДА БЕРИЛИШИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_2_20Ачкыч сөздөр:
кыргыз адабияты, тамсил жанры, тамсилчилер, сатира, элдик оозеки чыгармачылык, каймана мааниАннотация
Бул макалада кыргыз адабиятындагы тамсил жанрынын пайда болушу, өнүгүшү жөнүндө каралат. Тамсил жанры, андагы чыгармалардын мазмуну, тамсилдин жаралышы, тамсилчилердин берейин деген ою, диалогду каймана мааниде, кейипкерлер аркылуу берилүүсү баяндалды. “Тамсил” деген терминдин түшүндүрмөсү берилип, анын түзүлүш формасы талданды. Кыргыз адабиятындагы тамсил жанрынын башталышы орус жана дүйнөлүк адабияттан котормо аркылуу башат алып, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыктагы макал-лакаптардын, жөө жомоктордун мотивдерин пайдаланып, кенейтип тамсилдик деңгээлге жеткирилгендиги тууралуу маалыматтар талкууга алынды. Көптөгөн адабият изилдөөчүлөрдүн пикирлеринин негизинде тамсилдик жанрдын белгилери бөлүп көрсөтүлдү. Тамсилдин мазмунуна, пайда болуусуна түрткү болгон себептерге талдоо жүргүзүлүп, элдик оозеки жана профессионал кыргыз адабиятындагы тамсилчилер боюнча маалымат берилди
Библиографиялык шилтемелер
Акматалиев А., Мукасов М., Шейшеканова А. (2015). Тоголок Молдо, Алдаш Молдо. Бишкек.
Исаков К. (2009). Тамсил кудурети. Бишкек.
Исаков К. (2008). Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер. Бишкек.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы (1980). Фрунзе.
Кыргыз тилинин сөздүгү (2010). Бишкек.
Танаев Т. (1999). Эпикалык жанрлар. Ош.