МЕМБРАНОСТАБИЛИЗАТОРЛОРДУН ТААСИРЛЕРИНИН БИРИМДИГИ ЖАНА КАРАМА-КАРШЫЛЫГЫ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_2_2Ачкыч сөздөр:
мембраностабилизаторы, аритмия, антиаритмические препараты, потенциал покоя, потенциал действия, реполяризация, , рефрактерный период, мышечная клетка сердцаАннотация
Изидөөнүн предмети антиаритмикалык каражат болгон мембраностабилизаторлор саналат. Биз организмге карама-каршы таасирлерди бергени менен мембраностабилизаторлордун аритмияга каршы эффект берүүсүн изилдедик. Изилдөөнүн максаты болуп мембраностабилизаторлордун карама-каршы таасирлерин анализдеп, изилдеп, аныктап жана мембраностабилизаторлордун ушул талаштуу таасирлерин организм үчүн кантип рационалдуу колдонсо болоору эсептелет. Изилдөө ыкмалары болуп мембраностабилизаторлорду илимий анализдөө, окуп-үйрөнүү, изилдөө ыкмалаы болуп саналат. Жыйынтыгында төмөнкү практикалык мааниси бар натыйжаларды алдык: 1. Мембраностабилизаторлор жүрөккө эктопикалык очоктон берилген импульс тынчтык потенциал мезгилине эмес, рефрактердик мезгилге туура келгидей кылып таасир берет. Ошентип аритмия жоюлат;
- Эгерде тахиаритмия болчу болсо, ансыз да тез соккон жүрөктун согуусун дагы тездетпеш үчүн мембраностабилизаторлордун Ia жана Ic класстарын колдонуу максаттуураак;
- Эгерде брадиаритмия болчу болсо, ансыз да жүрөктүн жай ритми дагы жүрөктүн аз согулушу менен коштолбошу үчүн мембраностабилизаторлордун Ib классын колдонуу максаттуураак;
- А эгерде жөн эле аритмия болсо, жүрөктүн согуу ылдамдыгы нормада калышы үчүн мембраностабилизаторлордун Ic классын колдонуу максаттуураак. Изилдөөнүн өзгөчөлүгү – мембраностабилизаторлордун бардык подкласстары жүрөккө эктопикалык очоктон берилген импульс рефрактердик мезгилге туура келгидей кылып таасир береери биринчи жолу аныкталгандыгында. Изилдөөнүн практикалык мааниси – аритмиянын ар түрлөрүндө мембраностабилизаторлорду рационалдуу колдонгонго мүмкүнчүлүк берет.
Ачкыч сөздөр: мембраностабилизаторлор, аритмия, антиаритмикалык препараттар, тынчтык потенциалы, аракет потенциалы, реполяризация, рефрактердик мезгил, жүрөктүн булчуң клеткасы.
Библиографиялык шилтемелер
В.Г. Кукес, (2006) Клиническая фармакология - М.: ГЕОТАР–Медиа, - 944с.
В.Г. Кукес, (2012) Клиническая фармакология и фармакотерапия – Москва. ГЕОТАР–Медиа, - 832с.
И.Б. Михайлов (2013) Клиническая фармакология – Основа рациональной фармакотерапии - Санкт Петербург. Фолиант. - 960с.
Бертрам Г., Катцунг (2007) "Базисная и клиническая фармакология. В 2 томах. Том1"; год издания.; переплет. твердый; количество страниц 648.
М.Р. Конорев (2015) Клиническая фармакология, фармакологическая терапия: пособие – Витебск: ВГМУ - 354с.
Филиппенко Н.Г., Поветкин С.В. (2009) Клиническая фармакология и фармакотерапия в таблицах, схемах и алгоритмах. Издание второе, дополненное и переработанное. Курск: КГМУ. – 171 с.