ЭПОС ТИЛИНДЕГИ АССОНАНС КУБУЛУШУ (С.ОРОЗБАКОВДУН «МАНАС» ЭПОСУ БОЮНЧА)

Авторлор

  • Айнура Кувандыкова “Анадолу” Кыргыз-Түрк кесиптик кыздар лицейи

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2025_4_20%20

Ачкыч сөздөр:

ассонанс, үндөшүү закону, фоностилистикалык каражаттар, тыбыш, ыргак, муун, паронимия

Аннотация

Ассонанс үндүү тыбыш менен байланышкан көрүнүш жана ал ыр саптарынын, прозалык чыгармаларда сүйлөмдөрдүн башында келип, ырга, же текстке өзгөчө музыкалуулук берет жана башка тилдик каражаттар менен айкашта туруп, поэтикалык, же прозалык чыгармалардын образдуулугун, эмоционалдык-эстетикалык деңгээлин, таасирдүүлүгүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул фонетикалык кубулуштар айрыкча «Манас» эпосунда өтө жыш, орошон колдонулуп, манасчынын жөндөмдүүлүгүн, талант чеберчилигин аныктоочу, сыпаттоочу көрүнүш катары да бааланат. Эпосто ассонанс колдонулбаган учурду жолуктура албайбыз. Анткени, эпос тилинде тыбыштарды кайталап колдонуу мүнөздүү көрүнүштөрдөн. Мындай шартта, көркөм тексттик мазмундун түшүнүктүүлүгү, жеткиликтүүлүгү, таасирдүүлүгү, айтканга жеңилдиги, эске сактап калууга ыңгайлуулугу артат. Аллитерация, ассонанс кубулуштарынын жалпы эле фоностилистикалык каражаттардын биримдүүлүк процессинин жүрүшү табигый көрүнүштүн картинасын тартуулайт. Эпос тилиндеги тыбыштардын кайталанышын поэтикалык салт катары баалайбыз. Өзгөчө С. Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпостун кичине эпизоддорунан тартып, ири көлөмдүү окуялардын сүрөттөлүшүндө тилдик каражаттардын колдонулуш ыкмалары ар түрдүүлүктү жаратып турат Мындай поэтикалык ыкмалардын ичинде аллитерация, ассонанс кубулушундагы тыбыштык кайталоолор, үндөшүүлөр, окшошуулар, лексикалык кайталоолор, алардын байма-бай учурашы, морфологиялык бирдей түзүлүштөр, синтаксистик параллелизмдер камтылган. Буларды илимий теориялык негизде аныктап чыгуу актуалдуу маселелерден болуп саналат. Ошондуктан, макалада С.Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун материалдарынын негизинде ассонанс кубулушу жөнүндө сөз болуп, териштирүү жүргүзүлдү.

Библиографиялык шилтемелер

Абдулдаев, Э. (1998). Азыркы кыргыз тили: Фонетика. Орфоэпия. Графика ж-а орфография. Лексикология ж-а фразеология. Бишкек: Кыргызстан.

Арнольд, И.В. (1981). Стилистика. Современный английский язык. Москва: Просвещение.

Аширбаев, Т. (2000). Кыргыз тилинин стилистикасы: жогорку окуу жайларынын студенттери ү-н oкуу китеби. Бишкек: Кыргызстан.

Голуб, И.Б. (1986). Стилистика современного русского языка. Москва: Высш. шк.

Зулпукаров, К., Абдулатов, А., Кожоева, Г., Эргешева, С. (2018). Лингвопоэтика менен лингвопаремнологиянын орчундуу маселелери. Бишкек: Улуу Тоолор.

Мусаев, С. (Ред.) (1995). Манас: кыргыз элинин баатырдык эпосу, С. Орозбаковдун варианты б-ча академиялык басылыш, 1-китеп. Бишкек: Кыргызстан.

Мусаев, С. (Ред.) (1995). Манас: кыргыз элинин баатырдык эпосу, С. Орозбаковдун варианты б-ча академиялык басылыш, 2-китеп. Бишкек: Кыргызстан.

Мусаев, С. (Ред.) (1997). Манас: кыргыз элинин баатырдык эпосу, С. Орозбаковдун варианты б-ча академиялык басылыш, 4-китеп. Бишкек: Кыргызстан.

Орузбаева, Б. (1972). Лингвистикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү. Фрунзе: Илим.

Орузбаева Б., жана ж.б. (Ред.) (2009). Азыркы кыргыз адабий тили: фонетика, лексикология, лексикография, фразеология, морфология, синтаксис, стилистика, текст таануу, лингвопоэтика. Бишкек: Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту.

Радлов, В. В. (1866). Образцы народной литературы тюркских племен живущих в Южной Сибири и Дзунгарской степи. Ч. 1: Поднаречия Алтая: алтайцев, телеутов, черновых и лебединских татар, шорцев и саянцев. Санкт-Петербург: Тип. Императорской Академии наук.

Рысалиев, К. (1965). Кыргыз ырларынын түзүлүшү. Фрунзе: Мектеп.

Садыков, Т., Токтоналиев К. (2021). Азыркы кыргыз тили: фонетика, фонология ж-а антонология. Бишкек.

Токтоналиев, К.Т. (2004). Кыргыз тилиндеги айтымдын коммуникативдик - фунционалдык жана интонациялык структурасы. Бишкек.

Шериев, Ж., Муратов А.( 2004). Адабият теориясы: кыргыз адабияты мугалимдер, студентер ж-а орто мектептин окуучулары үчүн. Бишкек: ЖЧК Айт.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2025-12-29

Кандай шилтеме берүү керек

Кувандыкова , А. (2025). ЭПОС ТИЛИНДЕГИ АССОНАНС КУБУЛУШУ (С.ОРОЗБАКОВДУН «МАНАС» ЭПОСУ БОЮНЧА). Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (4), 264–275. https://doi.org/10.52754/16948610_2025_4_20

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ФИЛОЛОГИЯ