МЕЛИС АБАКИРОВДУН «КӨКӨЙКЕСТИ» РОМАНЫНЫН КӨРКӨМ ЭСТЕТИКАЛЫК АЧЫЛГАСЫ

Авторлор

  • Калипа Жаанбаева Ош мамлекеттик педагогикалык университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_15

Ачкыч сөздөр:

проза, повесть, изденүүлөр, табылгалар, адабият, тема, идея, философиялык ой, пафос, жазуучу, психологизм, жанр, ода

Аннотация

Бул макалада жазуучу Мелис Абакировдун чыгармачылыгында жаӊычылдык тууралуу сөз болот. Ошондой эле, жазуучунун «Көкөйкести» романы талдоого алынып, андагы образдар системасы, каармандын мүнөзү, чыгармада көтөрүлгөн проблемалар анализденет. Бул романда адам баласынын реалдуу жашоо турмушу андагы инсандардын тынч агымы жана социалдык–тарыхый тенденциялары камтылып, көркөмдөлүп ачылган. «Көкөйкести» романы тууралуу адабиятчылар тарабынан айтылган сын-пикирлер, романдын жанрдык табиятында  кеӊири баяндалат.   Бир караган окурман үчүн кантип эле ушундай маанилүү, өзүнчө чоң романдык мазмун жана сюжет жаралсын деген ой, ишенбөөчүлүк жаралышы мүмкүн. Бирок, маселе окуяда эмес алсыз шартта калган адамдын ички дүйнөсүндө, бири-бирине жасаган мамилесинде болуп жатат. Булардын өз ара карым-катышы күндөлүк жашоо тиричилигинен башка эң негизгиси жалпы максатка, жалпы кызыкчылыкка байланышкан. Мында чындыгында жазуучу Мелис Абакиров өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөргө ширелген жаңычыл мүнөздөгү чыгарма жаратты деп ишенимдүү айтууга болот.

Библиографиялык шилтемелер

Абакиров М. Көкөй кести. – Б.,2000

Абакиров М. Руханий канааттануудан өткөн байлык жок. //Эркинтоо, 2002, 22-февраль.

Апышов М. Өткөн доорго гимн. //Заман Кыргызстан, 2000, 3-ноябрь.

Асаналиев К. Бийлик жана адилеттик. //Кыргыз Туусу, 2006, 19-21-сентябрь.

Медералиев. Ж «Көкөй кести» - көрөңгөлүү роман . //Эркин тоо, 2000-ж, 17-ноябрь.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2023-03-31

Кандай шилтеме берүү керек

Жаанбаева, К. (2023). МЕЛИС АБАКИРОВДУН «КӨКӨЙКЕСТИ» РОМАНЫНЫН КӨРКӨМ ЭСТЕТИКАЛЫК АЧЫЛГАСЫ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (1), 127–131. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_15

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ФИЛОЛОГИЯ