«АДАБИЙ КӨРКӨМ ТЕКСТ» ТҮШҮНҮГҮНҮН ТЕОРИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_8Ачкыч сөздөр:
адабий окуу, компетенттүүлүк, окуу, түшүнүү, башталгыч класс, сөз менен иштөө, тексттин курамыАннотация
Адабияттагы, адабиятты окутуудагы эң негизги түшүнүктүн бири – көркөм текст түшүнүгү. Бул макала адабий көркөм тексттин табияты, ага берилген аныктамалар айтылып, тексттин ар кандай түрлөрү классификацияланат. Азыркы мезгилде адамдын чыгармачылыгы анын акылынын эң маанилүү бөлүгү катары таанылышы керек экени айкын болуп жатат жана аларды өнүктүрүү милдети заманбап адамды тарбиялоодо маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Баланын чыгармачылыгын өнүктүрүү элестетүүнү жана өз сезимдерин, дүйнө жөнүндөгү идеяларын ар кандай жолдор менен, ийкемдүү, кутудан тышкары ойлонуу жөндөмүн өнүктүрүүнү билдирет. Бул үчүн ага ар бир предметте анын ар башка тарабын көрүүгө, өзүнчө касиеттен баш тартууга, жаңы образ курууга үйрөтүү зарыл. Адабий көркөм текст – окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүүдө негизги каражаттардын бири. Тексти талдоо мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүнүн борборунда турат. Макаланын актуалдуулугу алгачкы жолу адабий текстти башталгыч класстардын адабий окуу предметинин негизинде талдоого алгандыгында. Макалада айтылган ойлор башталгыч класстын мугалимдеринин окутуу технологияларын байытууга жардам берет.
Библиографиялык шилтемелер
Башталгыч класстардагы кыргыз тил жана окуу боюнча предметтик стандарт, Бишкек – 2019 http://kao.kg/wp-content/uploads /2020/03/Кыргыз-тил-жана-окуу_1-4_кырг.pdf
Розенталь Д.Э. Словарь-справочник лингвистических терминов [Текст] / Розенталь Д.Э., Теленкова М.А. – М.: 1985.
Ладыженская Т.А. Русский язык [Текст] / Ладыженская Т.А., Баранов М.Т., Григорян Л.Т., Кулибаба И.И., Тростенцева Л.А. – М.: 1986.
Давлетов С. Байланыштуу речь [Текст] / С.Давлетов. – Б.: 1999.
Үсөналиев С. Кыргыз тилинин справочниги. 5-бас. [Текст] / Үсөналиев С., Иманалиев С. – Б.:2004.
Муратов А. Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы [Текст] / А.Муратов. – Б.: 2013.