Аллергиялык ооруларга маршруттук алгоритм

Авторлор

  • Гулмира Биялиева Эл аралык жогорку медицина мектеби
  • Зарема Борончиева Ош мамлекеттик университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2025_3_0_1%20

Ачкыч сөздөр:

аллергиялык оорулар, маршрутизация, клиникалык протоколдор, билим берүү программалары, медициналык жардамды оптималдаштыруу

Аннотация

Изилдөөнүн максаты – Ош шаарында аллергиялык оорулары (АО) бар бейтаптар үчүн маршрутизация алгоритмин жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСК) деңгээлинде клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле алардын натыйжалуулугун баалоо.

Изилдөөнүн объектиси катары Ош шаарындагы БМСК системасы алынды. Ага үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, анын филиалдары жана фельдшердик-акушердик пункттар кирди. Изилдөөнүн жүрүшүндө 2018–2024-жылдар аралыгындагы оорулардын жана кайрылуулардын статистикалык маалыматтары талданды, кадрдык жана ресурстук мүмкүнчүлүктөр боюнча уюштуруучулук-аналитикалык изилдөө жүргүзүлдү. Ошондой эле 250 бейтап, АО менен ооруган балдардын 300 ата-энеси жана 120 медициналык кызматкер социологиялык сурамжылоого катышты. Методологиялык негиз катары эпидемиологиялык, уюштуруучулук-аналитикалык, социологиялык жана статистикалык ыкмалар колдонулду. АО менен ооруган бейтаптарды маршрутизациялоонун иштелип чыккан алгоритми диагноз коюуга кеткен убакытты 46,7%га, ооруканага жаткыруулардын санын 33,0%га жана оорунун күчөшүнүн жыштыгын 34,4%га кыскартты. Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырылган клиникалык протоколдорду (GINA, ARIA, EAACI, WAO) жана БМСК дарыгерлери үчүн билим берүү программаларын киргизүү аларды колдонуу деңгээлин эки эседен ашык жогорулаткан. Мындан тышкары, пациенттик мектептерди уюштуруу жана маалыматтык материалдарды даярдоо ата-энелердин жардамдын сапатына болгон канааттануусун 36,0%дан 78,4%га чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берди. Жыйынтыгында, БМСК системасында интегралдык маршрутизация алгоритмин жана клиникалык протоколдорду ишке ашыруу аллергиялык оорулар менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн клиникалык, уюштуруучулук жана социалдык көрсөткүчтөрүн жакшыртты. Сунушталган модель эл аралык стандарттарга жооп берет жана Кыргызстандын башка аймактарына жайылтуу үчүн сунушталат.

Библиографиялык шилтемелер

Алдашукуров, Ы.А. (2021). “Отдаленные последствия воздействия радионуклидов”. Наука. Образование. Техника, (3[72]), 80–87.

Аскарбекова, Г. А., Амиракулова, А.С., & Борончиева, З.А. (2024). “Ош облусундагы баштапкы медициналык-санитардык жардамдын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн жолдору”. Известия ВУЗов Кыргызстана, (4), 37–41.

Борончиева, З.А., Алдашукуров, Ы.А. (2022). “Особенности аллергических заболеваний в Ошской области”. Бюллетень науки и практики, 8(9), 364–369.

Галимова, А.А. (2023). “Аллергия к белкам коровьего молока как модель пищевой аллергии у детей с врожденным буллезным эпидермолизом”. Медицинский алфавит, (29), 15–18.

Ибраимова, Д.Д., Качыбекова, Л.И., Бекешова, Э.Н. (2023). “Медико-социальная характеристика первичной инвалидности вследствие злокачественных новообразований в Кыргызской Республике”. Бюллетень науки и практики, 9(6), 251–258.

Тажибаева, Ф.Р., Кулмаматова, У.Т., Вахобов, Х., Мурзабек кызы, А. (2024). “Негативные воздействия современных гаджетов на здоровье студентов медицинских факультетов”. Вестник Ошского государственного университета. Медицина, 1(3), 51–58.

Болбачан, О.А., Ибраимова, Д.Д., Кузнецов, М.Ю., и др. (2024). “Экспорт медицинского образования на мировом рынке образовательных услуг”. Проблемы социальной гигиены, здравоохранения и истории медицины, 32(S2), 1068–1071.

Oichueva, B.R., & Aher, R. (2024). “Role of mathematics in medicine”. Journal of Osh State University. Medicine, 1(3), 12–18. https://doi.org/10.52754/16948831_2024_1(3)_2

Tajibaeva, F.R., Murzabek kyzy, A., Hameed, H. (2023). “Study of side effects after vaccination against COVID-19 in third-year students of the International Medical Faculty of Osh State University”. Journal of Osh State University. Medicine, 1(1), 7–14.

Zainalieva, B. Zh., Khan, W.A. (2024). “Depression and mental health disruptions in medical students”. Journal of Osh State University. Medicine, 2(4), 6–13.

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2025-09-25

Кандай шилтеме берүү керек

Биялиева, Г., & Борончиева, З. (2025). Аллергиялык ооруларга маршруттук алгоритм. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (3), 1–14. https://doi.org/10.52754/16948610_2025_3_0_1

Бул автор(лор)дун эң көп окулган макалалары