ТЕАТР ӨНӨРҮНДӨГҮ САХНА КЕБИН ЖАНА КӨРКӨМ ОКУУНУ ОКУТУУНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ

Авторлор

  • Жылдыз Искендерова Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети

DOI:

https://doi.org/10.52754/16948610_2024_2_46

Ачкыч сөздөр:

сахна кеби, көркөм окуу, театр, маданият, актер, дикция, үн, интонация

Аннотация

Макалада театр өнөрүндөгү сахна кебин жана көркөм окууну окутуунун айрым маселелери каралган. Театр тарыхында сахнада сүйлөө маселеси мезгил-мезгили менен ар түрдүүчө көтөрүлүп келген. Ал маселелер сөзгө, сөз таасирдүүлүгүнүн чыгармачылык процессине, сөздүн технологиясына, дикцияга, үнгө, сөз айтууга, аны көркөмдүк менен берүүгө жана жеткирүүгө ж.б. ченемдерге байланыштуу. Сахнада сүйлөө менен адамдардын демейдеги жашоо, пикир алмашуу, ой бөлүшүү учурундагы сүйлөгөн сөздөрүнүн ортосунда айырма чоӊ. Актердун келбети (фактурасы) келишип турса да анын үнүнүн пастыгы же таза эместиги ж.б.у.с. себептердин натыйжасында алдыӊкы катарга чыкпай, же болбосо каарманды жакшы ойной албай калган учурлары кездешет. Өзгөчө актёр үчүн сүйлөө маданиятын кылдат өздөштүрүүсү адистик зарылдык болуп саналат. Искусствонун ар кандай башка түрлөрү сыяктуу эле көркөм сөз өнөрүндө иштөөнүн, сөзгө арбалуунун өзүнүн техникалык ыктары бар. Биз сахна кеби жана көркөм окууга тийиштүү мыйзамдарды иликтейбиз.

Библиографиялык шилтемелер

Станиславский, К.С. (1951). Работа актера над собой. Москва.

Асанбеков, С. (1977). Изденүү жана табылга. Фрунзе, “Кыргызстан”.

Батырова, Т., & Бапышова, А. (2023). Студенттердин кеп маданиятын кептик коммуникациянын негизинде калыптандыруу. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, 1(1), 22-29. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874_2023_1(1)_3 DOI: https://doi.org/10.52754/16948874_2023_1(1)_3

Дулатова, Г. (2004). Кыргыз театрынын сахналык кеби. Театр окуу жайлары үчүн окуу китеби. Бишкек, “Шам”.

Тыналиева, Г. (2017). Көркөм окуу. Бишкек, КТМУ.

Дүйшеев, Ж. (2007). Сүйлөө маданияты жана стилистика I китеп. Бишкек.

Артоболевский, В.Г. (1959). Очерки по художественному чтению. Москва, “Учпедгиз”.

Дүйшеев, Ж. (1978). Эмоционалдуу-экспрессивдүү лексиканын көркөм окуудагы кээ бир өзгөчөлүктөрү. Эл агартуу.

Күмүшалиев, К. (1973). Залкар таланттар. Фрунзе, “Кыргызстан”.

Нуруев, Т. Э. Көркөм стилдеги кыйырлашкан - тике кеп / Т. Э. Нуруев, У. Н. Камардинова // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 4. – P. 1048-1052. – DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_1048. – EDN: TDOOPR. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_2_4_1048

Токтосунова, А. М. Диалогдун тил илиминде изилдениши / А. М. Токтосунова // Вестник Ошского государственного университета. – 2021. – Vol. 2, No. 4. – P. 1205-1212. – DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_1205. – EDN: ZDSSYZ. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_2_4_1205

Жүктөөлөр

Жарыяланды

2024-06-27

Кандай шилтеме берүү керек

Искендерова , Ж. (2024). ТЕАТР ӨНӨРҮНДӨГҮ САХНА КЕБИН ЖАНА КӨРКӨМ ОКУУНУ ОКУТУУНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, (2), 469–478. https://doi.org/10.52754/16948610_2024_2_46

Саны (чыгарылыш)

Бөлүм

ИСКУССТВО