ЖОЛБОЛДУ АЛИБАЕВ – НУКУРА ЭЛДИК МАДАНИЯТТЫН УЛАНТУУЧУСУ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2024_1_16Ачкыч сөздөр:
салттуу музыка, лирика, элдик маданияттын улантуучусу, көп кырдуу талант, обончу-аткаруучу, дастанАннотация
Макалада кыргыз улуттук маданиятынын, анын ичинде кыргыз салттуу музыкасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон таланттуу искусство адамдарынын бири, чыгармаларды жаратууда өздүгү бар кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлү Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгы талдоого алынат. Анын билим берүүдөгү орду, чыгармачылыгынын калыптануу этаптары, өзгөчөлүгү жөнүндө сөз болот. Ал кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлү гана эмес, кылымдардан бери келе жаткан нукура элдик маданияттын улантуучусу экендиги туурасында иликтөөлөрдүн негизинде тыянактар айтылат. Ал обончу, элдик стилдеги музыканы, дастандарды жаратуучу жана аларды элдик аспаптын коштоосунда аткарып келе жаткан өнөр адамы катары кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүүгө зор салым кошуп келгендиги белгиленет. Ошондой эле көп кырдуу таланттуу маданият тармагынын өкүлү жана жаш муунга билим, тарбия берүүдөгү педагогдук ишмердиги, аткаруучулук жөндөмү, чыгармачылыгы жөнүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учур талабы экендиги белгиленет.
Библиографиялык шилтемелер
Абдулхамидова Б. Ажыматова З. Акматалиев А.(Ред)(2004). Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.
Абдышев К.(2003). Кылым инсандары. Бишкек.
Алагушов Б.(2007). Кыргыз музыкасы. Энциклопедия.Бишкек:Бийиктик.
Алибаев Ж.(2007). Дастан. Ырлар жана обондор. Ош: ДекАРТ.
Алибаев Ж.(2018). Балдар ырлары. Бишкек: Улуу тоолор.
Алибаев Ж.(1997). Чолпонум. Обондуу ырлар. Бишкек: Кант.
Абдыкаарова Б.(2017).Ашык кылган адам жөнүндө баян. Эскерме-баян. Ош.
Алишерова Э.Ө. (2021). Кыргыз фольклорундагы эмгек ырларын элдик педагогикалык негизде окутуу // Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 688-693. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_688. EDN: BQMBFS. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_2_4_688
Асанова Н.А. Мыкты жетекчи жана кылымдын өчпөс жылдызы - Айткүл Кайымова / Н.А. Асанова, Н.А. Ырысова // Alatoo Academic Studies. – Бишкек, 2020. – №1. – С. 122-128.
Дастанбек кызы К., & Мурзакметов А. (2023). Кыргыз макал-лакаптарында педагогикалык ойлордун берилиши. Вестник Ошского государственного университета. Филология, 1(1), 30-37. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874_2023_1(1)_4 DOI: https://doi.org/10.52754/16948874_2023_1(1)_4
Джумабаев Б., & Баякова А. (2023). Рождение кыргызского музыкального фольклора. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 2(2), 62-68. DOI: https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_10 DOI: https://doi.org/10.52754/16948823_2023_2(2)_10
Жолболду Алибаев, https://ky.wikipedia.org/wiki/Жолболду_Алибаев (Дата обращения: 09.01.24).
Илим жана маданият көпүрөлөрү - Түрк тектүү калктардын орток дастандары URL:https://www.trt.net.tr/kyrgyz/makala-zhana-sieriep-saluular/2014/11/16/ilim-zhana-madaniiat-kopuroloru-38-192019 (Дата обращения: 10.01.24).
Жолболду Алибаев. URL: https://www.super.kg/article/show/59667(Дата обращения: 24.01.24).