Т. КАСЫМБЕКОВДУН “БАСКЫН” РОМАНЫНДАГЫ АДАМ ЖАНА КООМ МАСЕЛЕСИ
DOI:
https://doi.org/10.52754/16948610_2023_4_15Ачкыч сөздөр:
тарыхый окуя, тарыхый эстутум, көркөм чындык, трагедия, мотив, интерпретация, документалдуулукАннотация
Макалада классик жазуучу Т. Касымбеков “Баскын” романында тарыхый мезгилдин, татаал, трагедиялуу учурун панорамалуу чагылдырып, адам, коом проблемасын чагылдырууда конкреттүү личносттордун тагдырлары, мүнөздөрү жана алардын образдарындагы тарыхый чындык менен көркөм чындыктын карым-катышы изилдөөгө алынды. Сүрөттөөгө алган доорду, адам тагдырларын көрсөтүүдө тарыхый документтер менен ойдон кошууларды гармониялык айкалышка келтирип, чоң жалпылоолорго көтөрүп, адам табияттына ичкертен кирип, жаңыча ойлор, жаңыча көркөм каражаттар менен ачып бере алган. Адам, коом проблемасын козгоодо сапаттык бийиктик багытына карай чымырканган изденүүлөр, жаңы табылгалар менен коштолгон. Романда адам менен коомдун карым-катышы тереңдетилип, ар кыл проблемалык аспектен каралган жана маселенин масштабы кеңейген. Чыгарманын көркөм дүйнөсүндө тарыхый адамдар мүнөзүнү татаалдыгы, карама-каршылыктуулугу, ички сырлары, оң-терс сапаттары, терең психологиясы менен диалектикалык кыймылда экендиги анализденди. Т. Касымбеков дүйнөлүк классикалык адабияттын реалисттик салттарын мыкты өздөштүргөндүгү, улуттук көркөм сөз өнөрүн психологизм менен байытып, тарыхый роман жанрын жаңы сапаттык көркөм бийиктикке көтөргөндүгү белгиленди.
Библиографиялык шилтемелер
Асаналиев К. Поссоветтик доор.Адабий тагдыр. 2 макала.Адабий Ала-Тоо, август, 2006, №12.
Касымбеков Т. Чыгармалар жыйнагынын 8 томдугу. Баскын.Роман.-Б, 2008
Култаева Ү. Кыргыз тарыхый романистикасы.-Б, 2006.
Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., Кыргызстан. 1997.
Колбаева, Г.И. (2021). Т. Касымбеков жана “Сынган кылыч” романы. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 890-898. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_890. EDN: PUWWUX. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452_2021_2_4_890
Павлов С., Рабинович М. Кокандское восстание (1875-1876) М., 1936.
Раимбердиева, З. (2020). Кыргыз адабияты сабагында Т. Касымбековдун “Сынган кылыч” романын интеграциялап окутуунун ык-жолдору. Вестник Ошского государственного университета, No. 1-4, сс. 216-222. EDN: VKZARY.